Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

Sayfa numarası:close

external-link copy
45 : 53

وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰ

Ал эркек жана ургаачы кылып жуптарды жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 53

مِن نُّطۡفَةٍ إِذَا تُمۡنَىٰ

Жатынга жайгашкан бел суудан. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 53

وَأَنَّ عَلَيۡهِ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰ

Аларды өлгөндөн кийин кайра жаратуу Анын милдети. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 53

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغۡنَىٰ وَأَقۡنَىٰ

Ал Өзү каалаганын мал-мүлккө ээ кылып байытты жана адамдар ээлик кылган мал-мүлктөн берди. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 53

وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعۡرَىٰ

Ал кээ бир мушриктер Аллах менен катар сыйынган Сириус жылдызынын да Раббиси. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 53

وَأَنَّهُۥٓ أَهۡلَكَ عَادًا ٱلۡأُولَىٰ

Ал Худдун коому болгон байыркы Аадды каапырлыктан кайтпагандыгы үчүн жок кылды. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 53

وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبۡقَىٰ

Жана Салихтин коому Самудду да жок кылды. Алардан эч ким калган жок. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 53

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ هُمۡ أَظۡلَمَ وَأَطۡغَىٰ

Ал Аад менен Самудга чейин Нухтун коомун жок кылган. Чындыгында Нухтун коому Аад менен Самуддан өткөн залым жана чектен чыккандардан эле. Анткени Нух алардын арасында 950 жыл жашап, аларды жалгыз Аллахка сыйынууга чакырган. Бирок алар ага жооп беришкен эмес. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 53

وَٱلۡمُؤۡتَفِكَةَ أَهۡوَىٰ

Ал Лут коомунун шаарын асманга көтөрүп, кийин аны оодарып туруп жерге таштаган. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 53

فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ

Ал асманга көтөрүлүп, кайра жерге түшкөндө анын үстүн жаап калды жана таштар жаады. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 53

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ

Эй, инсан! Раббиңдин кудуреттүүлүгүн көргөзгөн кайсы аят-белгилери тууралуу талашып тартышып, алардан сабак албай жатасың? info
التفاسير:

external-link copy
56 : 53

هَٰذَا نَذِيرٞ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلۡأُولَىٰٓ

Силерге жиберилген бул элчи абалкы элчилердин эле бири. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 53

أَزِفَتِ ٱلۡأٓزِفَةُ

Жакындоочу кыямат жакындап калды. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 53

لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ

Аны Аллахтан башка эч ким кайтара албайт жана эч ким биле албайт. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 53

أَفَمِنۡ هَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ تَعۡجَبُونَ

Силерге окулуп жаткан бул Куран Аллахтан экенине таң калып жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
60 : 53

وَتَضۡحَكُونَ وَلَا تَبۡكُونَ

Силер андагы осуяттарды укканда ыйлагандын ордуна анын үстүнөн күлүп шылдыңдап жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
61 : 53

وَأَنتُمۡ سَٰمِدُونَ

Силер ага жеңил карап, көңүл бурбай жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
62 : 53

فَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ وَٱعۡبُدُواْ۩

Аллахка гана сажда кылгыла жана Ага чын ыкластан ибадат кылгыла! info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• عدم التأثر بالقرآن نذير شؤم.
Курандан таасир албоо – жамандыктын белгиси. info

• خطر اتباع الهوى على النفس في الدنيا والآخرة.
Напси каалоолорго ээрчүүнүн дүйнөдөгү жана акыреттеги коркунучу. info

• عدم الاتعاظ بهلاك الأمم صفة من صفات الكفار.
Коомдордун кыйроосунан сабак албоо – каапырлардын сыпаттарынан. info