Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

external-link copy
65 : 3

يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لِمَ تُحَآجُّونَ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَمَآ أُنزِلَتِ ٱلتَّوۡرَىٰةُ وَٱلۡإِنجِيلُ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِهِۦٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахимдин дини тууралуу талашып жатасыңар? Жөөттөр Ибрахимди жөөт болгон дешет, христиандар болсо аны христиан болгон дешет. Бирок силер иудаизм жана христиан дини анын өлүмүнөн көп убакыт өткөндөн кийин гана пайда болгонун билесиңер. Силер сөзүңөрдүн жалган жана оюңардын ката экенине акылыңар жетпейби?! info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• أن الرسالات الإلهية كلها اتفقت على كلمة عدل واحدة، وهي: توحيد الله تعالى والنهي عن الشرك.
Аллахтан келген кабарлардын баарысы бир калыс сөзгө биригет, тактап айтканда, Аллах тааланы жалгыздоо (таухид) жана ширктен тыюу. info

• أهمية العلم بالتاريخ؛ لأنه قد يكون من الحجج القوية التي تُرَدُّ بها دعوى المبطلين.
Тарыхты билүүнүн маанилүүлүгү, анткени ал жалганга чыгаргандардын сөзүнө каршы күчтүү далил болушу ыктымал. info

• أحق الناس بإبراهيم عليه السلام من كان على ملته وعقيدته، وأما مجرد دعوى الانتساب إليه مع مخالفته فلا تنفع.
Адамдардын Ибрахимге эң татыктуусу – анын дининде жана ишениминде болгондор, ал эми ага каршы болуп туруп, ага таандыкмын деп айтылган курулай сөздүн эч кандай пайдасы жок. info

• دَلَّتِ الآيات على حرص كفرة أهل الكتاب على إضلال المؤمنين من هذه الأمة حسدًا من عند أنفسهم.
Китеп ээлеринен болгон каапырлар өздөрүндөгү болгон көрө албастыктан улам бул үммөттөн болгон ыймандууларды адаштырууга ынтызар экендигине аяттар далил болот. info