Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov

Лайл

external-link copy
1 : 92

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰ

(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 92

وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ

(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 92

وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ

Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 92

إِنَّ سَعۡيَكُمۡ لَشَتَّىٰ

Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 92

فَأَمَّا مَنۡ أَعۡطَىٰ وَٱتَّقَىٰ

Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса info
التفاسير:

external-link copy
6 : 92

وَصَدَّقَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ

жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса – info
التفاسير:

external-link copy
7 : 92

فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡيُسۡرَىٰ

Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 92

وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسۡتَغۡنَىٰ

Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе... info
التفاسير:

external-link copy
9 : 92

وَكَذَّبَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ

Жана ыйманды жалган десе... info
التفاسير:

external-link copy
10 : 92

فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡعُسۡرَىٰ

Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 92

وَمَا يُغۡنِي عَنۡهُ مَالُهُۥٓ إِذَا تَرَدَّىٰٓ

(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 92

إِنَّ عَلَيۡنَا لَلۡهُدَىٰ

Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 92

وَإِنَّ لَنَا لَلۡأٓخِرَةَ وَٱلۡأُولَىٰ

Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 92

فَأَنذَرۡتُكُمۡ نَارٗا تَلَظَّىٰ

Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 92

لَا يَصۡلَىٰهَآ إِلَّا ٱلۡأَشۡقَى

Ал отко шору каткан адам гана кирет. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 92

ٱلَّذِي كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 92

وَسَيُجَنَّبُهَا ٱلۡأَتۡقَى

Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 92

ٱلَّذِي يُؤۡتِي مَالَهُۥ يَتَزَكَّىٰ

Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 92

وَمَا لِأَحَدٍ عِندَهُۥ مِن نِّعۡمَةٖ تُجۡزَىٰٓ

Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.[1] info

[1] “Мага да андан жакшысын кайтараар” деген үмүттө жасала турган эгоисттик жакшылыктар анда тап-такыр жок.

التفاسير:

external-link copy
20 : 92

إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِ ٱلۡأَعۡلَىٰ

(Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат). info
التفاسير:

external-link copy
21 : 92

وَلَسَوۡفَ يَرۡضَىٰ

Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот. info
التفاسير: