Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov

Фатх

external-link copy
1 : 48

إِنَّا فَتَحۡنَا لَكَ فَتۡحٗا مُّبِينٗا

(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик.[1] info

[1] Хижранын алтынчы жылында Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам миңден ашык сахабалары менен Умра зыяратын жасоо үчүн Меккеге келишет. Бирок, шаарга жакын «Худайбия» деген жерден аларды Мекке мушриктери шаарга киргизбей тосуп чыгышат. Ортодо чоң чыр, талаш-тартыш башталып, мусулмандар акыркы деми, бир тамчы каны калганга чейин душман менен кармашууга ант (байьат) беришет. Бул антташуу «Байьатур-ризван» (Аллахты ыраазы кылган ант) деген ат менен Ислам тарыхына кирген. Талаш-тартыштын натыйжасы мусулмандар менен мушриктердин ортосунда он жылдык тынчтык, өз ара кол салбастык келишиминин түзүлүшү менен бүтөт. Келишим боюнча мусулмандар бул жолкусунда Меккеге кирбей кайтып кетишет. Кийинки жылда келишкенде мушриктер шаарды бошотуп беришет. Араб урууларынан каалаганы мусулмандарга, каалаганы мушриктерге кошулууга укуктуу болот ж.б.у.с. көп маселелер каралат. Бул келишимде мушриктерге көбүрөөк укук каралгандыктан жана Меккеде төрөлүп чоңойгон мусулмандар алты жылдык сагыныч-кусалыктарынан кийин «Туулган шаарымды көрөмүн, Байтуллахты тооп кылып, Аллахка ибадат кыламын» деп турганда, шаардын астанасынан кайтып кетип жатышкандыктан, кээ бирөөлөр муну жеңилиш катары кабыл алышат. Бирок, Аллах тааланын вахийи менен гана иш жүргүзгөн пайгамбарыбыз келишим шарттары канчалык оор болсо да, он жылдык тынчтык мөөнөтүндө Ислам динин көбүрөөк жүрөктөргө жеткирүү мүмкүнчүлүгү тургандыктан, сабыр кылат жана момундарды да сабыр кылууга чакырат. «Худайбия келишими» чын-чынына келгенде мусулмандар үчүн жеңиштин башталышы болду. Ушул жылдан кийин оож алган даават натыйжасында тегеректеги араб уруулары, топ-топ болуп Исламды кабыл ала башташты. Бул сүрө мусулмандар Худайбиядан кайтып келе жатышканда түшкөн.

التفاسير:

external-link copy
2 : 48

لِّيَغۡفِرَ لَكَ ٱللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِن ذَنۢبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكَ وَيَهۡدِيَكَ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا

Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн info
التفاسير:

external-link copy
3 : 48

وَيَنصُرَكَ ٱللَّهُ نَصۡرًا عَزِيزًا

жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 48

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ ٱلسَّكِينَةَ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ لِيَزۡدَادُوٓاْ إِيمَٰنٗا مَّعَ إِيمَٰنِهِمۡۗ وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

(Аллах) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн[1] момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллахтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман. info

[1] Бул – ыймандын көбөйүп-азайып турушуна далил болгон аяттардын бири.

التفاسير:

external-link copy
5 : 48

لِّيُدۡخِلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عِندَ ٱللَّهِ فَوۡزًا عَظِيمٗا

Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 48

وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ ٱلظَّآنِّينَ بِٱللَّهِ ظَنَّ ٱلسَّوۡءِۚ عَلَيۡهِمۡ دَآئِرَةُ ٱلسَّوۡءِۖ وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَلَعَنَهُمۡ وَأَعَدَّ لَهُمۡ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرٗا

Жана Аллах жөнүндө жаман ойлогон[1] мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллах аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун! info

[1] Сыртынан мушриктердин жеңишиндей көрүнгөн Худайбия келишими түзүлгөндө кээ бир мунаафык, мушрик адамдар «Аллах момундарга жардам бербеди. Эми алардын башына балээ келет» деп Аллахка жаман күмөндө болушкан.

التفاسير:

external-link copy
7 : 48

وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

Асмандардын жана жердин аскерлери Аллахтын Колунда жана Аллах Кудуреттүү, Даанышман! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 48

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ شَٰهِدٗا وَمُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا

(Оо, Мухаммад!) Биз сени (Аллахтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (бейиштен) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 48

لِّتُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُۚ وَتُسَبِّحُوهُ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلًا

Жана силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик). info
التفاسير: