Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov

Бакара

external-link copy
1 : 2

الٓمٓ

Алиф, Лам, Мим. [1] info

[1] Сүрөнүн башында келген бул мааниден үзүлгөн тамгалар Ыйык Курандын муъжиза экендигин көрсөтөт. Аллах бул тамагалар менен мушриктерге (бир сүрө болсо да Куран сыяктууну ойлоп табууга) чакырык таштаганда, алар алсыз калышкан. Ал араб тилин түзгөн ушул тамгалардан турат. Арабдардын эң чечен калк болгонуна карабастан, ага окшош эч нерсе алып келе албашы Курандын Аллахтан келген вахий экендигине далил болот.

التفاسير:

external-link copy
2 : 2

ذَٰلِكَ ٱلۡكِتَٰبُ لَا رَيۡبَۛ فِيهِۛ هُدٗى لِّلۡمُتَّقِينَ

Бул китепте[1] эч күмөн жок. (Ал) такыбалар үчүн туура жол. info

[1] Анын Аллах таала тарабынан келгендигинде.

التفاسير:

external-link copy
3 : 2

ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡغَيۡبِ وَيُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ

Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден сарпташат. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 2

وَٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ وَبِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ

Дагы алар, (о, Мухаммад) сага түшүрүлгөнгө (Куран-Сүннөткө) жана сенден мурда түшүрүлгөнгө (Тоорат, Инжил, Забур китептерине) да ыйман келтиришет жана Акыретке анык (эч бир шектенбестен) ишенишет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 2

أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан (келген) туура жолдо жана ошолор гана ийгиликке жетүүчүлөр. info
التفاسير: