Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov

Sayfa numarası:close

external-link copy
119 : 16

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٌ

Андан соң (о, Мухаммад,) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тообо кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды - ушундан кийин - Кечирүүчү, Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
120 : 16

إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ كَانَ أُمَّةٗ قَانِتٗا لِّلَّهِ حَنِيفٗا وَلَمۡ يَكُ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Чынында, Ибрахим Аллахка ыкыластуу, итааттуу. ханиф (Аллахка жүз бурган) жолбашчы болгон. Ал мушриктерден болгон эмес. info
التفاسير:

external-link copy
121 : 16

شَاكِرٗا لِّأَنۡعُمِهِۚ ٱجۡتَبَىٰهُ وَهَدَىٰهُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

(Дагы ал) Аллахтын нээматтарына шүгүр келтирүүчү болгон. (Ошондуктан, Раббиси аны көп элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштады (пайгамбар кылды). info
التفاسير:

external-link copy
122 : 16

وَءَاتَيۡنَٰهُ فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Жана Биз ага дүйнөдө ихсан-жакшылыктарды бердик. Ал Акыретте да жакшылардан болот. info
التفاسير:

external-link copy
123 : 16

ثُمَّ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ أَنِ ٱتَّبِعۡ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Андан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллахка сыйынуучу Ибрахимдин динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду” деп аян-кабар жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
124 : 16

إِنَّمَا جُعِلَ ٱلسَّبۡتُ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِۚ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ

Ишемби күн(дү урматтоо) ал (Жума күн) жөнүндө талашып (натыйжада жолдон чыгып) кеткен адамдарга (яхудилерге парыз) кылынды. Албетте, сенин Раббиң Кыямат Күндө алар талашкан нерсе жөнүндө (адилет) өкүм чыгарат.[1] info

[1] Ибрахимдин дининде деле Жума күн урматтуу болгон. Кийинки пайгамбарлардын доорунда яхудилер Жума күн жөнүндө талашып, чырдашып, дин жолунан чыгып кетейин дегенде, Аллах аларга Ишемби күндү урматтоону парыз кылган.

التفاسير:

external-link copy
125 : 16

ٱدۡعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلۡحِكۡمَةِ وَٱلۡمَوۡعِظَةِ ٱلۡحَسَنَةِۖ وَجَٰدِلۡهُم بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ

(О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал туура жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.[1] info

[1] Бул аятта Аллах мусулмандарга дааваттын (Исламга чакыруунун) эрежесин үйрөтүүдө. Демек, дааваттын эң биринчи шарты хикмат экен. Хикмат - бул даанышмандык. Хикмат бул ар бир угуучунун абалына, баам-парасатына, кабыл алуу жөндөмүнө жараша сүйлөө санаты. Хикмат бул илим. Эгер дааватчынын илими болбосо, угуучунун зээнине, баамына, кабыл алуусуна жараша, зарыл, орчундуу сөздөрдөн баштабай, эмнени жаттаган болсо аралаштырып төгүп салат же болбосо өзүн үлгүлүү тута албай "ишти бузуп койот". Ошентип, дааватчы эң оболу хикмат - илим, даанышмандык менен сөз баштайт. Угуучу баамчыл болсо, ошол жетиштүү. Эгер буга муюбаса, үлгүлүү насааттарга өтөт. Үлгүлүү насаат деген бул Курандагы буйруктар менен тыюуларды айтып үгүт жүргүзүү. Аллах буюрган нерселерди айтканда, ал буйруктардын инсанга дүйнөлүк жана акыреттик пайдаларына кеңири токтолуу. Аллах тыйган нерселерди айтканда ал иштин адамга, коомго жана ыйманга тийгизген зыяндарын далилдеп көргөзүү же болбосо, Аллахтын өкүмдөрүн кармаган адамдын мартабасы менен, Шариятты тебелеген адамдын кор болгон акыбетин мисал келтирүү... Же болбосо, Акыреттеги Аллах өкүмдөрүнө моюн сунуп жашаган момундардын сыйлыктары менен каапырлар үчүн даярдаган азаптарын айтып, үгүттөө... Эгер Угуучу тап-такыр башка пикирде болсо, маселен, Аллахка ишенбесе же Исламдын чындыгынан шектенүүчү болсо, мындай кишилерди ынандыруу үчүн сөзсүз талаш-тартыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш зарыл болот. Мындай шартта Курандын буйругу: "эң сонун талаш жүргүз" деген аят. Эң сонун талаштын дагы бир талабы, өзүн салмактуу кармап, сөзгө конок берип, ачууланбай, кызууланбай (чычалабай) сүйлөшүү.

التفاسير:

external-link copy
126 : 16

وَإِنۡ عَاقَبۡتُمۡ فَعَاقِبُواْ بِمِثۡلِ مَا عُوقِبۡتُم بِهِۦۖ وَلَئِن صَبَرۡتُمۡ لَهُوَ خَيۡرٞ لِّلصَّٰبِرِينَ

(О, ыймандуулар!) Эгерде (силерге жаман сөз же жаман иш менен зыян жеткирген адамдардан) өч алчу болсоңор, өзүңөргө кандай зыян жеткен болсо, дал ошондой өч алгыла. Эгер (өч албай, кечирип) сабыр кылсаңар, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшы. info
التفاسير:

external-link copy
127 : 16

وَٱصۡبِرۡ وَمَا صَبۡرُكَ إِلَّا بِٱللَّهِۚ وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَلَا تَكُ فِي ضَيۡقٖ مِّمَّا يَمۡكُرُونَ

(О, Мухаммад,) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллахтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын! info
التفاسير:

external-link copy
128 : 16

إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّٱلَّذِينَ هُم مُّحۡسِنُونَ

Албетте, Аллах такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен! info
التفاسير: