Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

Numero ng Pahina:close

external-link copy
53 : 3

رَبَّنَآ ءَامَنَّا بِمَآ أَنزَلۡتَ وَٱتَّبَعۡنَا ٱلرَّسُولَ فَٱكۡتُبۡنَا مَعَ ٱلشَّٰهِدِينَ

Ошондой эле шакирттери айтышты: «Раббибиз, Биз Сен түшүргөн Инжилге ыйман келтирдик жана Исаны ээрчидик. Бизди Сага жана элчилериңе ыйман келтирип, акыйкатка күбө болгондор менен бирге кыл». info
التفاسير:

external-link copy
54 : 3

وَمَكَرُواْ وَمَكَرَ ٱللَّهُۖ وَٱللَّهُ خَيۡرُ ٱلۡمَٰكِرِينَ

Исраил урпактарынын каапырлары айлакерлик кылып Исаны өлтүрүүгө аракет жасашты. Аллах да айлакерлик кылып, аларды адашкан боюнча калтырды жана башка адамды Исага окшотуп койду. Аллах айлакерлердин эң мыктысы, анткени душманга кылган айлакерликте Андан эч ким өтө албайт. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 3

إِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَىٰٓ إِنِّي مُتَوَفِّيكَ وَرَافِعُكَ إِلَيَّ وَمُطَهِّرُكَ مِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَجَاعِلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوكَ فَوۡقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِۖ ثُمَّ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ فِيمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ

Аллахтын аларга кылган дагы бир айлакерлиги, Ал Исага кайрылып: «Оо, Иса! Мен сени өлтүрбөстөн алып кетем, денеңди жана рухуңду Өзүмө көтөрүп кетем. Сага каапырлык кылгандардын ыпластыгынан сени тазалап, аларды сенден алыстатам. Ал эми акыйкат динде (анын ичинде Мухаммадга ыйман келтирүү да бар) сени ээрчигендерди кыяматка чейин далил жана кадыр-барк менен сага каапырлык кылгандардан жогору кылам. Андан кийин кыяматта жалгыз Мага кайтып келесиңер, ошондо силер өз ара талашып-тартышкан нерселерде акыйкат менен өкүм чыгарам. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 3

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَأُعَذِّبُهُمۡ عَذَابٗا شَدِيدٗا فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка каапырлык кылгандарды бул дүйнөдө өлтүрүү, туткундоо, кордукка салуу ж.б. катаал азап менен, акыретте болсо тозок азабы менен азаптаймын. Аларды азаптан куткарган эч кандай жардамчы болбойт». info
التفاسير:

external-link copy
57 : 3

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَيُوَفِّيهِمۡ أُجُورَهُمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ

Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка ыйман келтиргендерге жана намаз, зекет, орозо, туугандык мамилени бекемдөө ж.б. ушул сыяктуу жакшылык иштерди кылгандарга Аллах алардын иш-аракеттеринин сообун кемитпестен толук берет. Бул сөз Иса пайгамбар өзү куш кабарын берген Мухаммад пайгамбар келгенге чейинки анын жолдоочулары тууралуу айтылды. Аллах залымдарды жакшы көрбөйт. Аллах таалага ширк кылуу жана Анын элчилерин жалганга чыгаруу – эң чоң зулумдуктардан. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 3

ذَٰلِكَ نَتۡلُوهُ عَلَيۡكَ مِنَ ٱلۡأٓيَٰتِ وَٱلذِّكۡرِ ٱلۡحَكِيمِ

Биз сага окуп жаткан Иса пайгамбардын кабары – сага түшкөн нерсенин чындык экендигин көрсөткөн ачык белгилерден. Ал – такыбалар үчүн эскертме, эч кандай жалганды алып келбеген акыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 3

إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ ٱللَّهِ كَمَثَلِ ءَادَمَۖ خَلَقَهُۥ مِن تُرَابٖ ثُمَّ قَالَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Аллахтын Исаны жаратуусунун мисалы, Адамды атасыз жана энесиз топурактан жаратканына эле окшош. Чындыгында Аллах ага «бол» деди, ал Аллах таала каалагандай болду. Эмнеге алар Адамды атасыз жана энесиз жаралганына карабастан пенде экенин моюнга алып, ал эми Исанын атасыз жаралганын бетке кармап аны кудай деп ойлоп жатышат?! info
التفاسير:

external-link copy
60 : 3

ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡمُمۡتَرِينَ

Иса тууралуу шексиз чындык сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн. Андыктан шектенгендерден жана экиленгендерден болбо. Тескерисинче, өзүң турган акыйкатка бекем бол. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 3

فَمَنۡ حَآجَّكَ فِيهِ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ فَقُلۡ تَعَالَوۡاْ نَدۡعُ أَبۡنَآءَنَا وَأَبۡنَآءَكُمۡ وَنِسَآءَنَا وَنِسَآءَكُمۡ وَأَنفُسَنَا وَأَنفُسَكُمۡ ثُمَّ نَبۡتَهِلۡ فَنَجۡعَل لَّعۡنَتَ ٱللَّهِ عَلَى ٱلۡكَٰذِبِينَ

Оо, пайгамбар! Эгер Нажран христиандары сага Иса жөнүндө анык илим келгенден кийин деле Иса Аллахтын пендеси эмес деп талаша беришсе, аларга: «Келгиле, биздин жана силердин балдарыңарды, биздин жана силердин аялдарыңарды жана өзүбүздү кошо катышууга чакырып, баарыбыз чогулалы, анан Аллахка дуба кылып, биздин жана силердин араңардагы жалганчыларга каргышыңды түшүр деп сураналы» – деп айт. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من كمال قدرته تعالى أنه يعاقب من يمكر بدينه وبأوليائه، فيمكر بهم كما يمكرون.
Аллахтын динине жана сүйүктүү пенделерине каршы айлакерлик кылгандарды жазалоо жана аларга каршы өздөрүнүкүндөй айлакерлик кылуу – Аллах тааланын кемчиликсиз кудуреттүүлүгүнөн. info

• بيان المعتقد الصحيح الواجب في شأن عيسى عليه السلام، وبيان موافقته للعقل فهو ليس بدعًا في الخلقة، فآدم المخلوق من غير أب ولا أم أشد غرابة والجميع يؤمن ببشريته.
Иса пайгамбар тууралуу талаптагыдай туура ишенимде болууну баяндоо жана аны акылга салса да туура экендигин түшүндүрүү. Ал ушундай жолдо биринчи жолу жаратылган жок. Адам атасыз жана энесиз жаратылганы аныкынан да таң калыштуу, ага карабастан баарысы анын пенде экендигине ыйман келтиришет. info

• مشروعية المُباهلة بين المتنازعين على الصفة التي وردت بها الآية الكريمة.
Аятта айтылган көрүнүштө талашкан тараптар бири-бирин каргыш айтууга чакыруу (мубахала) шариятта бар. info