Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm

Numero ng Pahina:close

external-link copy
10 : 3

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَن تُغۡنِيَ عَنۡهُمۡ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗاۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمۡ وَقُودُ ٱلنَّارِ

Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандарды мал-мүлктөрү жана бала-чакасы бул дүйнөдө да, акыретте да кутката албайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондор кыямат күнү күйүүчү тозок отундары. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 3

كَدَأۡبِ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمۡۗ وَٱللَّهُ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Бул каапырлардын абалы Фараондун үй-бүлөсү жана алардан мурун Аллахка каапырлык кылып, Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандардын абалына окшош. Аллах аларды күнөөлөрү үчүн жазалады жана аларга мал-мүлкү да, бала-чакасы да пайда келтирген жок. Аллахка каапырлык кылгандарга жана Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандарга Анын жазасы катаал. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 3

قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ سَتُغۡلَبُونَ وَتُحۡشَرُونَ إِلَىٰ جَهَنَّمَۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ

Оо, пайгамбар! Ар кайсы диндеги каапырларга айт: «Жакында ыймандуулар силердин үстүңөрдөн жеңишке жетип, каапырлыкта өлөсүңөр. Аллах силерди тозок отуна чогултат. Ал силер үчүн кандай жаман жай». info
التفاسير:

external-link copy
13 : 3

قَدۡ كَانَ لَكُمۡ ءَايَةٞ فِي فِئَتَيۡنِ ٱلۡتَقَتَاۖ فِئَةٞ تُقَٰتِلُ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَأُخۡرَىٰ كَافِرَةٞ يَرَوۡنَهُم مِّثۡلَيۡهِمۡ رَأۡيَ ٱلۡعَيۡنِۚ وَٱللَّهُ يُؤَيِّدُ بِنَصۡرِهِۦ مَن يَشَآءُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ

Бадр күнү согушуу үчүн беттешкен эки жоодо силер үчүн өрнөктөр жана белгилер бар. Алардын бири – ыймандуулар тайпасы, алар Аллахтын сөзү бийик жана каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн согушкан Аллахтын элчиси жана анын сахабалары. Ал эми экинчиси – каапырлар тайпасы, алар эл көрсүн үчүн менменсинип, уруусуна берилген абалда чыккан Мекке каапырлары. Ыймандуулар алардын чындап эле эки эсе көп экенин өз көздөрү менен көрүштү. Ошондо Аллах досторуна жардам берди. Аллах кимге кааласа Өз жеңиши менен колдоо көрсөтөт. Саны аз болсо да жеңиш ыйман ээлери тарапта, саны көп болсо да жеңилүү жалган ээлери тарапта экенин билүүлөрү үчүн мында акыл ээлери үчүн үлгүлөр жана сабактар бар. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 3

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ ٱلشَّهَوَٰتِ مِنَ ٱلنِّسَآءِ وَٱلۡبَنِينَ وَٱلۡقَنَٰطِيرِ ٱلۡمُقَنطَرَةِ مِنَ ٱلذَّهَبِ وَٱلۡفِضَّةِ وَٱلۡخَيۡلِ ٱلۡمُسَوَّمَةِ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ وَٱلۡحَرۡثِۗ ذَٰلِكَ مَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَٱللَّهُ عِندَهُۥ حُسۡنُ ٱلۡمَـَٔابِ

Аллах таала адамдарды сыноо үчүн дүйнө кумарларына болгон сүйүүнү, мисалы, аялдарды, уул балдарды, алтын-күмүштөн чогулган көп байлыктарды, үйрөтүлгөн асыл жылкыларды, төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын, айдоо жерлерди кооз кылып көрсөтүп койгондугун айтты. Булар аз гана убакыт пайдаланылып жок боло турган дүйнө жашоосунун ырахаты. Ошондуктан ыймандуу адам буларга байланбашы керек. Ал эми Аллахтын алдында кайтып баруучу эң сонун жай бар, ал асмандар менен жердин кеңдигиндей болгон бейиш. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 3

۞ قُلۡ أَؤُنَبِّئُكُم بِخَيۡرٖ مِّن ذَٰلِكُمۡۖ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ عِندَ رَبِّهِمۡ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَأَزۡوَٰجٞ مُّطَهَّرَةٞ وَرِضۡوَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِٱلۡعِبَادِ

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул кумарлардан да жакшыраак нерсени айтайынбы?». Аллахка иш жүзүндө моюн сунуп жана Ага баш ийбестик кылууну таштап Андан корккондор үчүн хан сарайларынын жана бактарынын астынан дарыялар агып турган бейиштер бар, алар ал жайда өлбөстөн жана жок болбостон түбөлүк калышат жана алар үчүн жаралуусунда жана кулк-мүнөзүндө бардык жамандыктардан таза болгон аялдар бар. Ушуну менен бирге алар үчүн Аллахтан болгон ыраазылык бар жана Ал аларга эч качан ачууланбайт. Аллах пенделеринин абалдарын Көрүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын берет. info
التفاسير:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أن غرور الكفار بأموالهم وأولادهم لن يغنيهم يوم القيامة من عذاب الله تعالى إذا نزل بهم.
Каапырлардын мал-мүлктөрү жана бала-чакалары менен текеберленүүсү кыямат күнү аларга Аллахтын азабы түшкөн кезде эч кандай пайда келтирбейт. info

• النصر حقيقة لا يتعلق بمجرد العدد والعُدة، وانما بتأييد الله تعالى وعونه.
Чындыгында жеңиш санга жана даярдыкка байланыштуу эмес, ал Аллахтын колдоосу жана жардамы менен гана болот. info

• زَيَّن الله تعالى للناس أنواعًا من شهوات الدنيا ليبتليهم، وليعلم تعالى من يقف عند حدوده ممن يتعداها.
Аллах таала адамдарды сынаш үчүн жана ким Анын чектеринен чыкпастан бекем болорун билиш үчүн дүйнө кумарларынын кээ бир түрлөрүн кооз кылып койду. info

• كل نعيم الدنيا ولذاتها قليل زائل، لا يقاس بما في الآخرة من النعيم العظيم الذي لا يزول.
Дүйнөнүн бардык жыргалдары жана ырахаттары аз жана жок болуучу. Аларды акыреттеги түбөлүк улуу жыргалчылыктар менен салыштырууга болбойт. info