Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kyrgyz ni Shamsuddin Hakimov

Фажр

external-link copy
1 : 89

وَٱلۡفَجۡرِ

Таңга ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 89

وَلَيَالٍ عَشۡرٖ

Он түнгө ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 89

وَٱلشَّفۡعِ وَٱلۡوَتۡرِ

Жуп менен такка ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 89

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَسۡرِ

Жана өтүп жаткан түнгө ант![1] info

[1] Бул аяттардагы “таң”- Курбан айт күндүн таңы, “он түн”- Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, “жуп”- бул Зул-Хижжанын онунчу күнү, “так”- тогузунчу – Арафат күнү. Ал эми, “өтүп жаткан түн”- бул Курбан айттын түнү. Чынында Аллах таала ант үчүн тандаган бул төрт нерсенин улуулугу, орчундуулугу акылдуу адамды канааттандырат.

التفاسير:

external-link copy
5 : 89

هَلۡ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٞ لِّذِي حِجۡرٍ

Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 89

أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ

Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 89

إِرَمَ ذَاتِ ٱلۡعِمَادِ

Түркүктүү Ирамды[1] (эмне кылганынчы?) info

[1] Бул аяттагы "Ирам"ды кээ бир тафсирчилер шаар дешет. Бирок, Ирам деген ошол мезгилде жашаган уруулардын бири экенине далил көбүрөөк.

التفاسير:

external-link copy
8 : 89

ٱلَّتِي لَمۡ يُخۡلَقۡ مِثۡلُهَا فِي ٱلۡبِلَٰدِ

Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле.[1] info

[1] Аад коому кумдуу чөлдө жашаганына карабай, түркүктүү чатырлардан Ирам деген шаар кура алган аябай чоң келбеттүү, бакубат эл болгон. Алар пайгамбарлары Худ алейхи саламга кордук көргөзгөндө Аллах таала катуу шамал жиберип бардыгын кыйраткан.

التفاسير:

external-link copy
9 : 89

وَثَمُودَ ٱلَّذِينَ جَابُواْ ٱلصَّخۡرَ بِٱلۡوَادِ

Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?) info
التفاسير:

external-link copy
10 : 89

وَفِرۡعَوۡنَ ذِي ٱلۡأَوۡتَادِ

Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?) info
التفاسير:

external-link copy
11 : 89

ٱلَّذِينَ طَغَوۡاْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ

Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 89

فَأَكۡثَرُواْ فِيهَا ٱلۡفَسَادَ

жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 89

فَصَبَّ عَلَيۡهِمۡ رَبُّكَ سَوۡطَ عَذَابٍ

Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 89

إِنَّ رَبَّكَ لَبِٱلۡمِرۡصَادِ

Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 89

فَأَمَّا ٱلۡإِنسَٰنُ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ رَبُّهُۥ فَأَكۡرَمَهُۥ وَنَعَّمَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَكۡرَمَنِ

Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 89

وَأَمَّآ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ فَقَدَرَ عَلَيۡهِ رِزۡقَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَهَٰنَنِ

Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 89

كَلَّاۖ بَل لَّا تُكۡرِمُونَ ٱلۡيَتِيمَ

Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 89

وَلَا تَحَٰٓضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ

Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 89

وَتَأۡكُلُونَ ٱلتُّرَاثَ أَكۡلٗا لَّمّٗا

Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер! info
التفاسير:

external-link copy
20 : 89

وَتُحِبُّونَ ٱلۡمَالَ حُبّٗا جَمّٗا

Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 89

كَلَّآۖ إِذَا دُكَّتِ ٱلۡأَرۡضُ دَكّٗا دَكّٗا

Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде info
التفاسير:

external-link copy
22 : 89

وَجَآءَ رَبُّكَ وَٱلۡمَلَكُ صَفّٗا صَفّٗا

жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде..., info
التفاسير:

external-link copy
23 : 89

وَجِاْيٓءَ يَوۡمَئِذِۭ بِجَهَنَّمَۚ يَوۡمَئِذٖ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكۡرَىٰ

Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 89

يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي قَدَّمۡتُ لِحَيَاتِي

(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.[1] info

[1] Ага Аллахтын жазасы буйрулат: колу-бутун кишендер менен байланып азапка салынат.

التفاسير:

external-link copy
25 : 89

فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدٞ

Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 89

وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدٞ

Аллах байлагандай эч ким байлай албайт![1] info

[1] Ал күндө ыймансыздардын жаны туйлап, толгонуп, дүйнөдө татыксыз жашаганы себептүү бушайман чегип турган болсо, ыймандуулардын жаны тынч, бейпил жана ыраазы болуп турат.

التفاسير:

external-link copy
27 : 89

يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفۡسُ ٱلۡمُطۡمَئِنَّةُ

Оо, тынч – бейпил жан! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 89

ٱرۡجِعِيٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةٗ مَّرۡضِيَّةٗ

(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 89

فَٱدۡخُلِي فِي عِبَٰدِي

Менин (жакшы) пенделериме кошулгун. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 89

وَٱدۡخُلِي جَنَّتِي

жана Менин бейишиме киргин! info
التفاسير: