[1] Бул аяттардагы “таң”- Курбан айт күндүн таңы, “он түн”- Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, “жуп”- бул Зул-Хижжанын онунчу күнү, “так”- тогузунчу – Арафат күнү. Ал эми, “өтүп жаткан түн”- бул Курбан айттын түнү. Чынында Аллах таала ант үчүн тандаган бул төрт нерсенин улуулугу, орчундуулугу акылдуу адамды канааттандырат.
[1] Аад коому кумдуу чөлдө жашаганына карабай, түркүктүү чатырлардан Ирам деген шаар кура алган аябай чоң келбеттүү, бакубат эл болгон. Алар пайгамбарлары Худ алейхи саламга кордук көргөзгөндө Аллах таала катуу шамал жиберип бардыгын кыйраткан.