ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය.

පිටු අංක:close

external-link copy
91 : 5

إِنَّمَا يُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُوقِعَ بَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةَ وَٱلۡبَغۡضَآءَ فِي ٱلۡخَمۡرِ وَٱلۡمَيۡسِرِ وَيَصُدَّكُمۡ عَن ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَعَنِ ٱلصَّلَوٰةِۖ فَهَلۡ أَنتُم مُّنتَهُونَ

Шайтан жүрөктөргө жек көрүү, душмандык киргизүү үчүн аракты, кумар оюндарын кооз көрсөтөт. Ошондой эле Аллахты зикир кылуудан, намаз окуудан алагды кылууну каалайт. Эй, ыймандуулар, бул жаман иштерди таштайсыңарбы? Буларды таштоо силерге ылайык экенинде шек жок, эми кайткыла! info
التفاسير:

external-link copy
92 : 5

وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَٱحۡذَرُواْۚ فَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ

Шариятта эмнени буйруса аткарып, эмнеден тыйса тыйылып, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Каршы чыгуудан этиет болгула, эгер жүз буруп, тескери бассаңар, анда билип алгыла, биздин элчибиздин милдети Аллах жеткир деген нерсени жеткирүү гана. Туура жолго бассаңарда өзүңөргө, тескери кетсеңер да өзүңөргө. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 5

لَيۡسَ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جُنَاحٞ فِيمَا طَعِمُوٓاْ إِذَا مَا ٱتَّقَواْ وَّءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ ثُمَّ ٱتَّقَواْ وَّءَامَنُواْ ثُمَّ ٱتَّقَواْ وَّأَحۡسَنُواْۚ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Аллах Таалага ишенген, Аллахка жакындоо үчүн жакшы иш-аракеттерди кылган киши, мурда арак арам болгонго чейин аны ичкен болсо, ага күнөө эмес., эгер ал Аллахтын ачуусунан коркуп, Ага ишенип, башка арам иштерден тыйылса жана жакшы иштерди жасап жүрсө. Кийин (арак арам болгон соң) Аллахка жакындоону дагы күчөтүп Аллахты көрүп тургандай ибадат кылышса, Аллах Таала Аны көрүп тургандай ибадат кылгандарды жакшы көрөт; себеби мындай ибадат кылганда алар Аллахтын дайыма жакын экенин сезишет, мындай абалага ыймандуу адам жакшы иш-аракетин жана такыбалыгын такай жакшыртуу аркылуу жетишет. info
التفاسير:

external-link copy
94 : 5

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَيَبۡلُوَنَّكُمُ ٱللَّهُ بِشَيۡءٖ مِّنَ ٱلصَّيۡدِ تَنَالُهُۥٓ أَيۡدِيكُمۡ وَرِمَاحُكُمۡ لِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ مَن يَخَافُهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَلَهُۥ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Оо, ыймандуулар, Аллах Таала силер (ажы-же умра үчүн) харамда турган кезиңерде кургактыктагы жан-жаныбарларды, алардын кичинесин колуңар менен, чоңдорун куралыңар менен кармап ала тургандай жакын алып келип сынайт. (Харамда кургактыктагы жан-жаныбарларга уучулук кылууга тыюу салынган, Аллах адамдарды сыноо үчүн эч ким жок жерде аларга жан-жаныбарларды көрсөтөт).Бул сыноону Аллах Таала пенделеринен кимиси Аллахтын билимине терең ишенип, кайыптан коркорун жана кылган ишинин баарын билип туруучу Жаратуучусунан коркуп уучулуктан өзүн карманарын билүү үчүн, ошондой эле ким (такыбалык кылбай) чектен чыгарын билип, ошого жараша эсеп-кысап кылуу үчүн жүргүздү. Ким ажы же умрада харамда туруп, уучулук кылып чектен чыкса, Аллах Таала тыйган ишке бут койгону үчүн кыямат күнү ага жан кейиткен азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
95 : 5

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡتُلُواْ ٱلصَّيۡدَ وَأَنتُمۡ حُرُمٞۚ وَمَن قَتَلَهُۥ مِنكُم مُّتَعَمِّدٗا فَجَزَآءٞ مِّثۡلُ مَا قَتَلَ مِنَ ٱلنَّعَمِ يَحۡكُمُ بِهِۦ ذَوَا عَدۡلٖ مِّنكُمۡ هَدۡيَۢا بَٰلِغَ ٱلۡكَعۡبَةِ أَوۡ كَفَّٰرَةٞ طَعَامُ مَسَٰكِينَ أَوۡ عَدۡلُ ذَٰلِكَ صِيَامٗا لِّيَذُوقَ وَبَالَ أَمۡرِهِۦۗ عَفَا ٱللَّهُ عَمَّا سَلَفَۚ وَمَنۡ عَادَ فَيَنتَقِمُ ٱللَّهُ مِنۡهُۚ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ

Оо, ыймандуулар, ажы же умрада ихрамда турганыңарда кургактыктагы жан-жаныбарларды өлтүрбөгүлө. Ким аларды атайлап өлтүрсө, анын жазасы өлтүргөнүнө ылайык төө, уй же кой-эчки төлөйт. Буга мусулмандардан эки адилеттүү киши өкүм чыгарат. Экөө өкүм кылган нерсе, Меккеге жеткирилип, харамда мууздула турган белек жандыктар сыяктуу кылынат. Же болбосо, ошол малдын баасындай акча төлөнүп, кедейлер тамактандырылат, ар бир кедейге жарым сааь өлчөмдө тамак берилет. Же болбосо, ар бир жарым сааь тамак үчүн бир күндөн орозо кармайт. Мунун баары аңды өлтүргөн адам кылган кылыгынын акыбет азабын татып көрүүсү үчүн. Тыюу салынганга чейин харамдын жан-жаныбарын өлтүргөн жана харамда туруп кургактыктагы жан-жаныбарларга аңчылык кылган адамдарды Аллах Таала кечирди. Ал эми тыюу салынгандан кийин дагы бул ишке кол созгон адамды Аллах Таала азаптап өч алат, Аллах Күчтүү, бекем. Анын күчтүүлүгүнүн бир белгиси - кааласа, күнөө кылган адамдан өч алат, Аны эч ким токтото албайт. info
التفاسير:
මෙ⁣ම පිටුවේ තිබෙන වැකිවල ප්‍රයෝජන:
• عدم مؤاخذة الشخص بما لم يُحَرَّم أو لم يبلغه تحريمه.
Арам ишти, арам болуп тыюу салына электе аткарган адам же тыюу салынганга чейин өтүп кеткен адам күнөөкөр болбойт. info

• تحريم الصيد على المحرم بالحج أو العمرة، وبيان كفارة قتله.
Ажы же умрада харамга кирген кишиге аңчылык кылуу арам экени жана анын жазасы кандай болору баяндалды info

• من حكمة الله عز وجل في التحريم: ابتلاء عباده، وتمحيصهم، وفي الكفارة: الردع والزجر.
Аңчылык кылууга тыюу салуудагы Аллахтын сыры - пенделерин сыноо жана аныктоо, ал эми анын жаза төлөмүнүн сыры - жемелөө жана эскертип, токтотуу info