ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය.

පිටු අංක:close

external-link copy
52 : 42

وَكَذَٰلِكَ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ رُوحٗا مِّنۡ أَمۡرِنَاۚ مَا كُنتَ تَدۡرِي مَا ٱلۡكِتَٰبُ وَلَا ٱلۡإِيمَٰنُ وَلَٰكِن جَعَلۡنَٰهُ نُورٗا نَّهۡدِي بِهِۦ مَن نَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِنَاۚ وَإِنَّكَ لَتَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Оо, пайгамбар! Биз сенден мурунку пайгамбарларга вахий кылгандай сага дагы Куранды Өз алдыбыздан вахий кылдык. Сен буга чейин пайгамбарларга асмандан түшкөн китептер эмне экенин жана ыйман деген эмне экенин билчи эмессиң. Бирок Биз бул Куранды нур кылып түшүрдүк, Биз аны менен Өзүбүз каалаган пенделерибизди туура жолго салабыз. Чындыгында сен дагы адамдарды туура жол болгон Ислам динине багыттайсың. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 42

صِرَٰطِ ٱللَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ أَلَآ إِلَى ٱللَّهِ تَصِيرُ ٱلۡأُمُورُ

Жаратуу, ээлик кылуу жана башкаруу жактан асмандар менен жердеги нерселер Ага гана таандык болгон Аллахтын жолу. Бүткүл иштер тагдыр кылынуу жана башкаруу жактан жалгыз Аллахтын Өзүнө гана кайтат. info
التفاسير:
මෙ⁣ම පිටුවේ තිබෙන වැකිවල ප්‍රයෝජන:
• سمي الوحي روحًا لأهمية الوحي في هداية الناس، فهو بمنزلة الروح للجسد.
Адамдарды туура жолго салууда вахий маанилүү болгону үчүн ал рух деп аталды. Ал рухтун денеге карата болгон маанилүүлүгү сыяктуу. info

• الهداية المسندة إلى الرسول صلى الله عليه وسلم هي هداية الإرشاد لا هداية التوفيق.
Пайгамбарга тийиштүү болгон хидаят – ал багыт берүү хидаяты, туура жолго салуу хидаяты эмес. info

• ما عند المشركين من توحيد الربوبية لا ينفعهم يوم القيامة.
Мушриктердин Аллахтын Жаратуучу экенин моюнга алуулары кыямат күнү аларга пайда бербейт. info