ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - ශුද්ධ වූ අල්කුර්ආන් අර්ථ විවරණයේ සංෂිප්ත අනුවාදය - කිරිගිස් පරිවර්තනය.

Муbминyн

සූරාවෙහි අරමුණු:
بيان فلاح المؤمنين وخسران الكافرين.
Ыймандуу мусулмандардын ийгилиги жана каапырлардын өкүнүчү тууралуу (баян кылынган). info

external-link copy
1 : 23

قَدۡ أَفۡلَحَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Аллахка ыйман келтиргендер, Анын шариятын аткаргандар көздөгөн максаттарына жетип жана корккон нерселеринен кутулуп жеңишке жетишти. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 23

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي صَلَاتِهِمۡ خَٰشِعُونَ

Алар намаз окушканда өздөрүн төмөн тутушат жана намазда дене-мүчөлөрү тынч алып, жүрөктөрүн эч бир нерсе алаксытпайт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَنِ ٱللَّغۡوِ مُعۡرِضُونَ

Алар жалгандан, пайдасыз нерселерден жана күнөө сөздөр менен күнөө иштерден баш тарткандар. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِلزَّكَوٰةِ فَٰعِلُونَ

Алар өздөрүн ыплас иштерден таза туткандар жана зекет берип мал-мүлктөрүн тазалагандар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ

Алар жыныс мүчөлөрүн зынадан, бачабаздыктан жана бузукулуктан сакташкандар. Алар абийирдүү, таза адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 23

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ

Бирок никелүү аялдары жана кол астындагы күңдөрү менен жыныстык жана башка жолдор менен ырахат алышканы үчүн айыпталышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 23

فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ

Ал эми ким никелүү аялдарынан жана кол астындагы күңдөрүнөн башкалар менен ырахат алууну издесе, анда ал адал жолду таштап арам жолго өтүп Аллахтын чектеринен чыкты. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ

Алар Аллахтын жана Анын пенделеринин алдындагы аманаттарын жана убадаларын бузбастан толук аткарышат. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 23

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَوَٰتِهِمۡ يُحَافِظُونَ

Алар намаздарын дайым өз убагында парздары, важиптери жана мустахабдары менен кошо толук окушат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 23

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡوَٰرِثُونَ

Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар — ошолор мурас алуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 23

ٱلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلۡفِرۡدَوۡسَ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Алар бейиштин эң бийик жерин мураска алышкандар. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана алардын жыргалчылыктары түгөбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 23

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن طِينٖ

Биз адамзаттын түпкү атасы Адамды ылайдан жараттык. Ал жаратылган топурак жердин топурагы менен суунун аралашмасынан тандалып алынды. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 23

ثُمَّ جَعَلۡنَٰهُ نُطۡفَةٗ فِي قَرَارٖ مَّكِينٖ

Кийин Биз анын урпактарын төрөт убагына чейин жатында жайланышкан бел суудан жаратып көбөйттүк. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 23

ثُمَّ خَلَقۡنَا ٱلنُّطۡفَةَ عَلَقَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡعَلَقَةَ مُضۡغَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡمُضۡغَةَ عِظَٰمٗا فَكَسَوۡنَا ٱلۡعِظَٰمَ لَحۡمٗا ثُمَّ أَنشَأۡنَٰهُ خَلۡقًا ءَاخَرَۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحۡسَنُ ٱلۡخَٰلِقِينَ

Андан соң ал жатындагы жайгашкан бел суудан кочкул коюу канды жараттык. Кийин ал кочкул коюу канды тиштелген бир кесим эт кылдык. Кийин ал бир кесим эттен катуу сөөктөрдү жараттык. Кийин ал сөөктөргө эт каптадык. Андан соң Биз ага жан салып, башка жаратылышта өстүрө баштап, жашоого чыгардык. Жаратуучулардын эң мыктысы ыйык болгон Аллах. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 23

ثُمَّ إِنَّكُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ

Эй, адамдар! Андан соң силер ушул жошоонун баскычтарынан өткөндөн кийин ажалыңар жеткенде өлөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 23

ثُمَّ إِنَّكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ تُبۡعَثُونَ

Андан соң силер өлгөндөн кийин кылган иштериңерге сурак бериш үчүн кыямат күнү кабырларыңардан кайрадан тирилесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 23

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعَ طَرَآئِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ ٱلۡخَلۡقِ غَٰفِلِينَ

Эй, адамдар! Биз силердин үстүңөргө кабат-кабат жети асманды жараттык. Биз Өзүбүз жараткан нерселерден бейкапар эмеспиз жана аларды унуткан да жокпуз. info
التفاسير:
මෙ⁣ම පිටුවේ තිබෙන වැකිවල ප්‍රයෝජන:
• للفلاح أسباب متنوعة يحسن معرفتها والحرص عليها.
Ийгиликтин түрдүү себептери бар. Андыктан аларды билүүгө жана аларга жетүүгө аракет кылуу зарыл. info

• التدرج في الخلق والشرع سُنَّة إلهية.
Жаратуунун жана шарияттын баскыч-баскыч менен ишке ашуусу –Аллахтын жолу. info

• إحاطة علم الله بمخلوقاته.
Аллахтын илими бүткүл ааламды өзүнө камтып турат. info