ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - කිර්ගිස්තානු පරිවර්තනය - ෂම්සුද් දීන් හකිමූෆ්

Залзала

external-link copy
1 : 99

إِذَا زُلۡزِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ زِلۡزَالَهَا

Жер катуу титирегенде info
التفاسير:

external-link copy
2 : 99

وَأَخۡرَجَتِ ٱلۡأَرۡضُ أَثۡقَالَهَا

жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда…[1] info

[1] Бул аяттар Кыямат кайымдын болоор алдындагы алааматтар жөнүндө баян. Ошондо жер катуу титирегенден улам анын ичиндеги өлүктөр жана кен байлыктардан турган “жүктөр” сыртына чыгып калат.

التفاسير:

external-link copy
3 : 99

وَقَالَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا لَهَا

Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 99

يَوۡمَئِذٖ تُحَدِّثُ أَخۡبَارَهَا

Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 99

بِأَنَّ رَبَّكَ أَوۡحَىٰ لَهَا

Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.[1] info

[1] Жер дагы Кыяматта күбөгө өтүүчү макулуктардын бири. Аллах “сүйлө” деп буюрганда, ал өзүнүн үстүндө ким эмне иш жасаганын айтып берет.

التفاسير:

external-link copy
6 : 99

يَوۡمَئِذٖ يَصۡدُرُ ٱلنَّاسُ أَشۡتَاتٗا لِّيُرَوۡاْ أَعۡمَٰلَهُمۡ

Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 99

فَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ خَيۡرٗا يَرَهُۥ

Жана ким кыпын салмагындай[1] жакшылык кылган болсо – аны көрөт info

[1] Бул аяттагы مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ (мискаала зарратин) деген сөздү "кыпындай" деп которуу анын маанисин толук ачып бере албайт. Аяттагы مِثۡقَالَ "мискаала" деген сөз салмакты түшүндүрөт. Бул маани өз кезегинде кыяматтагы таразага ишаарат.

التفاسير:

external-link copy
8 : 99

وَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ شَرّٗا يَرَهُۥ

жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт. info
التفاسير: