[1] Аллах - Сомад. “Сомад” сөзүнүн мааниси бардык нерседен, ошонун арасында аял, бала-чакадан да беймуктаж. Бүт аалам жеке Өзүнүн мүлкү болсо, каалаган нерсеси “бол!” деген бир гана сөзү менен болуп турса, аял, бала, шерик дегендердин эмне зарылдыгы бар Ага?! Анын аялы жок, аялы болбогондун баласы да болбойт.