[1] Эч ким! Анткени, Кыяматта аларга каршы өздөрүнүн дене мүчөлөрү да күбөлүккө өтөт. Аллахтын периштелери жазып алган бардык кылмыштары ийне-жибине чейин ачылып турса ким аларды актай алмак эле?! Ошондуктан, пенде бул дүйнөдө азгыруучу напсинин жетегине жүрүп, күнөөгө батпасын! Напсиси аны бир күнөөгө баштаса “Эй, напсим! Өзүңдү токтот! Бул күнөөнүн ырахат-жыргалы тез эле өтүп кетет. Артынан кайгы-касыреттер, күнөөлөр, Кыяматтагы жазалар калат!» - десин.