ශුද්ධවූ අල් කුර්ආන් අර්ථ කථනය - කිර්ගිස්තානු පරිවර්තනය - ෂම්සුද් දීන් හකිමූෆ්

පිටු අංක:close

external-link copy
118 : 11

وَلَوۡ شَآءَ رَبُّكَ لَجَعَلَ ٱلنَّاسَ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗۖ وَلَا يَزَالُونَ مُخۡتَلِفِينَ

(Оо, Мухаммад) Эгер Раббиң кааласа, бардык адамдарды бир динде (Исламда) кылып коймок. Бирок, (Аллахтын Өзүнө гана маалым даанышмандыгы себептүү) азыркыга чейин ар кандай (динде) калууда. info
التفاسير:

external-link copy
119 : 11

إِلَّا مَن رَّحِمَ رَبُّكَۚ وَلِذَٰلِكَ خَلَقَهُمۡۗ وَتَمَّتۡ كَلِمَةُ رَبِّكَ لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ

Өзү ырайым кылгандардан башкалары. Аллах адамдарды ушундай (кээ бири акыйкатка, кээ бири жалганга ээрчий турган) болушу үчүн жаратты. Раббиңдин: “(Каапыр болгон) бардык жиндер жана адамдар менен тозокту толтурамын!” деген сөзү толугу менен аткарылды. info
التفاسير:

external-link copy
120 : 11

وَكُلّٗا نَّقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلرُّسُلِ مَا نُثَبِّتُ بِهِۦ فُؤَادَكَۚ وَجَآءَكَ فِي هَٰذِهِ ٱلۡحَقُّ وَمَوۡعِظَةٞ وَذِكۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ

(Оо, Мухаммад) Биз сага (өткөн) пайгамбарлардын ар бир кабарларынан сенин жүрөгүңө кубат болчуларын баян кылып бердик. Мында (ушул сүрөнүн ичинде) Акыйкат, Насаат жана ыймандуу адамдар үчүн үлгү – сабактар бар. info
التفاسير:

external-link copy
121 : 11

وَقُل لِّلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنَّا عَٰمِلُونَ

(Далилдерди тизмектегенден кийин) ыйман келтирбеген адамдарга айткын: “Билген ишиңерди жасай бергиле! Биз да билгенибизди жасай беребиз”. info
التفاسير:

external-link copy
122 : 11

وَٱنتَظِرُوٓاْ إِنَّا مُنتَظِرُونَ

(Бизге эмне болоорун) күткүлө, биз дагы (башыңарга кандай жаза келээрин) күтөбүз. info
التفاسير:

external-link copy
123 : 11

وَلِلَّهِ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ يُرۡجَعُ ٱلۡأَمۡرُ كُلُّهُۥ فَٱعۡبُدۡهُ وَتَوَكَّلۡ عَلَيۡهِۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ

Асмандар жана жердеги (көрүнгөн жана) көрүнбөгөн нерселер Аллахтын мүлкү. Бардык иштер Анын Өзүнө кайтат. Эми, Анын Өзүнө ибадат кылгыла жана Өзүнө тобокел кылгыла! Силер жасаган иштердин эч биринен Аллах кабарсыз эмес! info
التفاسير: