[1] Меккеде түшкөн жана беш аяттан турган бул сүрөдө Аллах таала пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдул Мутталиптин доорунда болгон окуяны баяндайт: Хабашанын каапыр падышасы Абраха Каабаны бузуп салуу үчүн пилдер жана сансыз кошуун менен келген мезгилде Аллах таала пил ээлеринин ойлогон айла-амалдарын текке кетирип, кийинки аяттарда айтылгандай кордук өлүмүнө дуушар кылат.
[1] Аллах Өзүнүн Үйүн ушинтип сактады. Ушул окуядан эки айга жетпеген күндөрдөн соң, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жарык дүйнөгө келген. Бул жыл араб жана Ислам тарыхында «Пил жылы» деп жазылып калды.