Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu.

Инфитар

Impamvu y'isura:
تحذير الإنسان من الاغترار ونسيان يوم القيامة.
Инсанды Кыямат күндү эсинен чыгарып коюудан жана кайдыгер болуудан эскертип коркуткан. info

external-link copy
1 : 82

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتۡ

Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 82

وَإِذَا ٱلۡكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتۡ

Жылдыздар күбүлүп түшкөндө. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 82

وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ

Деңиздер бири-бирине ачылып кошулганда. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 82

وَإِذَا ٱلۡقُبُورُ بُعۡثِرَتۡ

Кабырдагы өлүктөр кайра тирилүү үчүн анын топурагы оодарылганда. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 82

عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ وَأَخَّرَتۡ

Ошол кезде ар бир жан кандай иш-аракет даярдаганын жана кайсынысын кылбастан таштап койгондугун билет. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 82

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ ٱلۡكَرِيمِ

Эй, Раббисине каапырлык кылган инсан! Раббиң кең пейилдиги менен сага мөөнөт берип, сени жазалоого шашылбаган кезде Анын буйругуна каршы чыгууңа эмне себеп болду? info
التفاسير:

external-link copy
7 : 82

ٱلَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّىٰكَ فَعَدَلَكَ

Ал сени жок жерден жаратты жана дене-мүчөлөрүңдү келишкен турпатта кылды. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 82

فِيٓ أَيِّ صُورَةٖ مَّا شَآءَ رَكَّبَكَ

Ал сени Өзү каалаган келбетте жаратты жана сага жакшылык кылды, анткени ал сени эшектин же маймылдын же иттин же башка нерселердин келбетинде жараткан жок. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 82

كَلَّا بَلۡ تُكَذِّبُونَ بِٱلدِّينِ

Эй, алдангандар! Абал силер элестеткендей эмес. Бирок силер сурак күнүн жалганга чыгардыңар, ал үчүн аракет да кылбадыңар. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 82

وَإِنَّ عَلَيۡكُمۡ لَحَٰفِظِينَ

Чындыгында силердин үстүңөрдө иш-аракеттериңерди сактоочу периштелер бар. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 82

كِرَامٗا كَٰتِبِينَ

Аллахтын алдында ардактуулар, силердин иш-аракеттериңерди жазуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 82

يَعۡلَمُونَ مَا تَفۡعَلُونَ

Силер кандай иш кылбагыла, алар аны билип жазып турушат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 82

إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٖ

Чындыгында жакшылык иштерди жана ибадаттарды көп кылгандар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 82

وَإِنَّ ٱلۡفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٖ

Чындыгында күнөөкөр адамдар жалындаган тозокто болушат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 82

يَصۡلَوۡنَهَا يَوۡمَ ٱلدِّينِ

Алар ага сурак күнү киришет, анын ысыктык азабын тартышат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 82

وَمَا هُمۡ عَنۡهَا بِغَآئِبِينَ

Алар андан эч качан жок болуп кетишпейт, ал жакта түбөлүк калышат. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 82

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ

Оо, пайгамбар! Сен сурак күн эмне экенин кандай билмек элең? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 82

ثُمَّ مَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ

Сен дагы сурак күнү эмне экенин кайдан билмек элең? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 82

يَوۡمَ لَا تَمۡلِكُ نَفۡسٞ لِّنَفۡسٖ شَيۡـٔٗاۖ وَٱلۡأَمۡرُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ

Ал күнү эч ким башка бирөөгө пайда келтире албайт. Ал күнү бүткүл иш башкаларга эмес, Аллахка гана таандык. Ал аны Өзү каалагандай кылат. info
التفاسير:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• التحذير من الغرور المانع من اتباع الحق.
Акыйкатты ээрчүүгө тоскоол болгон азгырык ойлордон эскертүү. info

• الجشع من الأخلاق الذميمة في التجار ولا يسلم منه إلا من يخاف الله.
Ач көздүк соодагерлерде бар айыптуу сыпаттардан. Аллахтан корккон адам гана андан саламатта болот. info

• تذكر هول القيامة من أعظم الروادع عن المعصية.
Кыяматтагы коркунучтарды эстөө – күнөөдөн тоскон эң чоң себептердин бири. info