Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu.

numero y'urupapuro:close

external-link copy
25 : 57

لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَنزَلۡنَا مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمِيزَانَ لِيَقُومَ ٱلنَّاسُ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَأَنزَلۡنَا ٱلۡحَدِيدَ فِيهِ بَأۡسٞ شَدِيدٞ وَمَنَٰفِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ مَن يَنصُرُهُۥ وَرُسُلَهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٞ

Биз пайгамбарларыбызды ачык-айкын далилдер менен жибердик, алар менен Китептерди түшүрдүк жана адамдар адилеттикти карманыш үчүн алар менен Таразаны түшүрдүк. Ошондой эле чоң күчтү камтыган темирди түшүрдүк, андан курал жасалат жана анда адамдардын өндүрүшү жана өнөрчүлүгү үчүн пайдалар бар. Аллах пенделерге ачык боло тургандай абалда кимиси Аны көрбөстөн жардам берерин билиш үчүн кылды. Чындыгында Аллах Күчтүү, Кудуреттүү. Ага эч нерсе үстөмдүк кыла албайт жана эч ким Аны алсырата албайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 57

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحٗا وَإِبۡرَٰهِيمَ وَجَعَلۡنَا فِي ذُرِّيَّتِهِمَا ٱلنُّبُوَّةَ وَٱلۡكِتَٰبَۖ فَمِنۡهُم مُّهۡتَدٖۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ

Биз Нухту жана Ибрахимди жибердик жана алардын урпактарына пайгамбарлыкты жана түшүрүлгөн Китептерди бердик. Ал экөөнүн урпактарынан кээ бирлери ийгиликке жетип, туура жолго түшүштү, ал эми көпчүлүгү Аллахка баш ийбестик кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 57

ثُمَّ قَفَّيۡنَا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم بِرُسُلِنَا وَقَفَّيۡنَا بِعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡإِنجِيلَۖ وَجَعَلۡنَا فِي قُلُوبِ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ رَأۡفَةٗ وَرَحۡمَةٗۚ وَرَهۡبَانِيَّةً ٱبۡتَدَعُوهَا مَا كَتَبۡنَٰهَا عَلَيۡهِمۡ إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ رِضۡوَٰنِ ٱللَّهِ فَمَا رَعَوۡهَا حَقَّ رِعَايَتِهَاۖ فَـَٔاتَيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنۡهُمۡ أَجۡرَهُمۡۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ

Кийин алардын артынан элчилерибизди үммөттөрүнө удаа-удаа жибердик. Алардын артынан Мариямдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ыйман келтирип, аны ээрчигендердин жүрөгүнө боорукерлик жана мээрим салдык. Алардын ортосунда бири-бирине болгон сүйүү жана мээрим бар эле. Жана алар динде ашаа чаап, жок нерсени ойлоп табышты. Алар Аллах уруксат берген үйлөнүү, ырахаттануу сыяктуу кээ бир нерселерди Биз алардан талап кылбасак деле таштап коюшту. Алар динде жок нерсени ойлоп таап, аны өздөрүнө милдет кылып алышты. Чындыгында Биз алардан Аллах ыраазы болгон нерселерди гана ээрчигиле деп талап кылганбыз, бирок алар муну аткарышкан жок. Биз алардын арасынан ыйман келтиргендерине сооп-сыйлыгын бердик. Бирок алардын көпчүлүгү Аллахтын элчиси алып келген нерсени жалганга чыгаруу менен Ага баш ийбестик кылышкандар. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 57

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَءَامِنُواْ بِرَسُولِهِۦ يُؤۡتِكُمۡ كِفۡلَيۡنِ مِن رَّحۡمَتِهِۦ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ نُورٗا تَمۡشُونَ بِهِۦ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана Анын элчисине ыйман келтиргиле! Ошондо Ал силерге Мухаммад менен мурунку элчилерге келтирген ыйманыңар үчүн эки эсе сооп-сыйлык берет, силерге дүйнө жашоосунда туура багыт көргөзгөн жана кыямат күнү Сыратта жарык берүүчү нурду пайда кылат жана ошондой эле күнөөңөрдү кечирип, аны жашырат жана ал үчүн жазалабайт. Аллах таала пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 57

لِّئَلَّا يَعۡلَمَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَلَّا يَقۡدِرُونَ عَلَىٰ شَيۡءٖ مِّن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡفَضۡلَ بِيَدِ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ

Оо, ыймандуулар! Биз силерге эселеген сооп-сыйлыктарды даярдап койгон улуу жакшылыгыбызды баяндадык. Биз муну жөөттөрдөн жана христиандардан болгон мурунку Китеп ээлери Аллахтын жакшылыктарын өздөрү каалаганына берип, каалабаганына бербей тургандай кудуреттүүлүккө ээ эмес экенин билүүлөрү үчүн жана жакшылык Аллахтын гана колунда экенин, Ал аны Өзү каалаган пенделерине берерин билүүлөрү үчүн кылдык. Аллах улуу жакшылык Ээси, Ал аны Өзү каалаган пенделерине гана берет. info
التفاسير:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• الحق لا بد له من قوة تحميه وتنشره.
Акыйкаттын аны коргогон жана жайылткан күчү болууга тийиш. info

• بيان مكانة العدل في الشرائع السماوية.
Асмандан түшкөн шарияттарда адилеттүүлүктүн ордун баяндоо. info

• صلة النسب بأهل الإيمان والصلاح لا تُغْنِي شيئًا عن الإنسان ما لم يكن هو مؤمنًا.
Эгерде адам ыймандуу болбосо, анда анын ыймандуу адамдар менен болгон туугандык байланышы ага эч кандай пайда келтирбейт. info

• بيان تحريم الابتداع في الدين.
Динге жаңылык киргизүүнүн арам экендигин баяндоо. info