Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu.

numero y'urupapuro:close

external-link copy
102 : 4

وَإِذَا كُنتَ فِيهِمۡ فَأَقَمۡتَ لَهُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَلۡتَقُمۡ طَآئِفَةٞ مِّنۡهُم مَّعَكَ وَلۡيَأۡخُذُوٓاْ أَسۡلِحَتَهُمۡۖ فَإِذَا سَجَدُواْ فَلۡيَكُونُواْ مِن وَرَآئِكُمۡ وَلۡتَأۡتِ طَآئِفَةٌ أُخۡرَىٰ لَمۡ يُصَلُّواْ فَلۡيُصَلُّواْ مَعَكَ وَلۡيَأۡخُذُواْ حِذۡرَهُمۡ وَأَسۡلِحَتَهُمۡۗ وَدَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ تَغۡفُلُونَ عَنۡ أَسۡلِحَتِكُمۡ وَأَمۡتِعَتِكُمۡ فَيَمِيلُونَ عَلَيۡكُم مَّيۡلَةٗ وَٰحِدَةٗۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ إِن كَانَ بِكُمۡ أَذٗى مِّن مَّطَرٍ أَوۡ كُنتُم مَّرۡضَىٰٓ أَن تَضَعُوٓاْ أَسۡلِحَتَكُمۡۖ وَخُذُواْ حِذۡرَكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا

Оо, элчи, душмандар менен согуш учурунда аскерлериң менен бирге намаз окуй турган болсоң, аскерди эки жамаатка бөл. Биринчи жамаат сени менен намазга турсун, намазга курал-жарактары менен тура берсин. Экинчи жамаат болсо силерге кароол болуп турсун. Биринчи жамаат имам менен бир ирекет окуган соң, намаздын калганын өздөрү акырына чыгарат. Акырына чыгаргандар силердин артыңарга өтүп душманга бет турат, бул учурда коргоп турган экинчи жамаат келип имам менен бир ирекет окуйт, имам салам берген соң намаздарын толуктап бүтүрөт. Бул учурларда душмандан этият болушсун жана курал-жарагын алып алышсын. Анткени каапырлар, силер намазга турганда курал-жарак, буюм-теримиңерден капарсыз калсаңар, капарсыздыгыңардан пайдаланып дароо кол салууну көздөп турушат. Эгер жамгырдын айынан же ооруу себептүү зыян тартып жатсаңар, анда курал-жарагыңарды жерге коюп турсаңар деле күнөө эмес, болгону, колуңардан келишинче душмандан этиет кылгыла. Аллах Таала чынында каапырларга аларды кордоочу азапты даярдап койгон info
التفاسير:

external-link copy
103 : 4

فَإِذَا قَضَيۡتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ قِيَٰمٗا وَقُعُودٗا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمۡۚ فَإِذَا ٱطۡمَأۡنَنتُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا

Оо, ыймандуулар, намазды бүткөнүңөрдө аруулоо, (тасбих), мактоо (тамхид), келиме (тахлил) айтуу менен турган, отурган, жаткан абалыңарда Аллахты эстеп зикир кылгыла. Коркунуч жок болгондо, тынчтык кезде намазды парз, важыб, сүннөттөрүн толук так аткарып буйрулгандай окугула. Намаз чынында ыймандууларга өз убактысында окула турган парз, милдет. Намазды себепсиз убактысынан кечиктирүүгө болбойт. Бул өкүм жергиликтүү тургундарга тиешелүү, ал эми сапарда болсоңор кошуп жана кыскартып окусаңар болот. info
التفاسير:

external-link copy
104 : 4

وَلَا تَهِنُواْ فِي ٱبۡتِغَآءِ ٱلۡقَوۡمِۖ إِن تَكُونُواْ تَأۡلَمُونَ فَإِنَّهُمۡ يَأۡلَمُونَ كَمَا تَأۡلَمُونَۖ وَتَرۡجُونَ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا يَرۡجُونَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

Оо, ыймандуулар, каапыр душманыңардын артынан сая түшүүгө алсыздык же жалкоолук кылбагыла. Өлүм, жаракат алуу ж.б. силерди чарчаткан болсо, бул нерселер аларды деле чарчатты, алар деле силер сыяктуу кыйналды. Алардын сабыр-чыдамы, силердин сабыр-чыдамыңардан ашып кетпесин. Силер Аллахтан сооп-сый, жардам, колдоо үмүт кылып жатасыңар, алар болсо буларды үмүт кылбайт. Аллах Таала пенделеринин абалын Билүүчү, көзөмөлдөөдө жана шарият кылууда Даанышман info
التفاسير:

external-link copy
105 : 4

إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِتَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِمَآ أَرَىٰكَ ٱللَّهُۚ وَلَا تَكُن لِّلۡخَآئِنِينَ خَصِيمٗا

Оо, элчи, Биз сага Куранды бардык чындыкты камтыган абалда түшүрдүк; сен адамдардын ортосунда өз оюң жана пикириң менен өкүм чыгарбай, кандай абал болсо да Аллах үйрөткөн жана пикириңе салган нерсе менен өкүм кылууң үчүн. Эми сен андан чындыкты талап кылган адамды кайтарып, жанына жана аманатка кыянат кылган адамга тарапкер болбо. info
التفاسير:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• استحباب صلاة الخوف وبيان أحكامها وصفتها.
Коркуу намазынын мустахабтыгы, анын өкүмүн жана окуу тартибин баяндоо. info

• الأمر بالأخذ بالأسباب في كل الأحوال، وأن المؤمن لا يعذر في تركها حتى لو كان في عبادة.
Кандай абалда болсо да себепти аткаруу зарыл, ыймандуу адамга ибадат учурунда да аны таштоого уруксат жок. info

• مشروعية دوام ذكر الله تعالى على كل حال، فهو حياة القلوب وسبب طمأنينتها.
Бардык учурда Аллахты зикир кылуу зарыл, зикир жүрөктү ойготот жана анын тынчтануусуна себеп болот info

• النهي عن الضعف والكسل في حال قتال العدو، والأمر بالصبر على قتاله.
Согуш учурунда алсыроого жана жалкоолук кылууга тыю салынып сабырдуу болууга буйрулган info