Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'ikikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu.

numero y'urupapuro:close

external-link copy
231 : 2

وَإِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَبَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمۡسِكُوهُنَّ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ سَرِّحُوهُنَّ بِمَعۡرُوفٖۚ وَلَا تُمۡسِكُوهُنَّ ضِرَارٗا لِّتَعۡتَدُواْۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَهُۥۚ وَلَا تَتَّخِذُوٓاْ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ هُزُوٗاۚ وَٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَمَآ أَنزَلَ عَلَيۡكُم مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَٱلۡحِكۡمَةِ يَعِظُكُم بِهِۦۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ

Эгерде аялыңарга талак берип, алардын күтүү (идда) мөөнөтүнүн бүтүшүнө аз калса, анда күтүү мөөнөтү бүткөнгө чейин аларды жакшылык менен алып калгыла же коё бергиле. Аларды Исламга чейинки караңгы доордо кылынгандай зыян берүү же зомбулук көрсөтүү максатында алып калбагыла. Ким аларга зыян келтирүү максатында ушундай кылса, анда ал өзүн күнөөгө жана жазага дуушар кылуу менен өзүнө-өзү зулум кылган болот. Аллахтын аяттарын оюн тутуу жана ага асылуу менен шылдың ордуна коюп албагыла. Аллахтын силерге кылган жакшылыктарын эстегиле, алардын эң улугу – силерге түшүрүлгөн Куран жана сүннөт. Ал муну силерди шыктандыруу жана сестендирүү үчүн эскертет. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккула. Билгиле, Аллах баарын Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге анын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
232 : 2

وَإِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَبَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَلَا تَعۡضُلُوهُنَّ أَن يَنكِحۡنَ أَزۡوَٰجَهُنَّ إِذَا تَرَٰضَوۡاْ بَيۡنَهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِۗ ذَٰلِكَ يُوعَظُ بِهِۦ مَن كَانَ مِنكُمۡ يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۗ ذَٰلِكُمۡ أَزۡكَىٰ لَكُمۡ وَأَطۡهَرُۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ

Эгер аялдарыңарга үч жолудан аз талак берсеңер жана алардын күтүү мөөнөтү бүтсө, анда оо камкорчулар (валийлер), эгер алар жаңыдан никелешүү аркылуу күйөөлөрүнө кайтууну каалашса жана алар менен ошого ыраазы болушса, андай учурда аларга тоскоол болбогула. Аларга тоскоол болуудан тыйган бул өкүм – силердин араңардан Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерге эскертүү катары айтылат. Мына ушул нерсе ортоңордо жакшылыкты көбүрөөк жайылтат, ошондой эле абийириңерди жана иш-аракеттериңерди ыплас нерселерден тазартат. Аллах ар бир иштин акыйкатын жана акыбетин билет, а силер муну билбейсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
233 : 2

۞ وَٱلۡوَٰلِدَٰتُ يُرۡضِعۡنَ أَوۡلَٰدَهُنَّ حَوۡلَيۡنِ كَامِلَيۡنِۖ لِمَنۡ أَرَادَ أَن يُتِمَّ ٱلرَّضَاعَةَۚ وَعَلَى ٱلۡمَوۡلُودِ لَهُۥ رِزۡقُهُنَّ وَكِسۡوَتُهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ لَا تُكَلَّفُ نَفۡسٌ إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَا تُضَآرَّ وَٰلِدَةُۢ بِوَلَدِهَا وَلَا مَوۡلُودٞ لَّهُۥ بِوَلَدِهِۦۚ وَعَلَى ٱلۡوَارِثِ مِثۡلُ ذَٰلِكَۗ فَإِنۡ أَرَادَا فِصَالًا عَن تَرَاضٖ مِّنۡهُمَا وَتَشَاوُرٖ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَاۗ وَإِنۡ أَرَدتُّمۡ أَن تَسۡتَرۡضِعُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُمۡ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ إِذَا سَلَّمۡتُم مَّآ ءَاتَيۡتُم بِٱلۡمَعۡرُوفِۗ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ

Энелер балдарын эки жыл толук эмизишет. Бул эки жылга чектөө – эмизүү мөөнөтүн толук кылууну каалагандар үчүн. Бала эмизүүчү ажырашкан энени шариятка каршы келбеген, эл ичинде калыптанган салтка ылайык каржылоо жана аны кийим-кече менен камсыздоо баланын атасынын милдети. Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн жана кудуретинен ашыкчаны жүктөбөйт. Ата-эне баласын бири-бирине зыян келтирүү максатта курал катары колдонбоосу керек. Эгер баланын атасы жок болсо жана анын мал-мүлкү да болбосо, анда анын мураскоруна атага тиешелүү милдеттер жүктөлөт. Эгерде бала эки жашка толгонго чейин ата-энеси өз ара кеңешип жана баланын кызыкчылыгына карап макулдашканкан кийин аны эмчектен чыгарууну каалашса, бул алар үчүн күнөө эмес. А эгер балаңарга энесинен башка эмизүүчү аялды жалдагыңар келсе жана эмизүүчү аял менен макулдашкан акысын кемитпестен же кечиктирбестен жакшылык менен төлөп турсаңар, силерге күнөө болбойт. Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыюуларын таштоо менен Андан корккула жана билгиле, Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• نهي الرجال عن ظلم النساء سواء كان بِعَضْلِ مَوْلِيَّتِه عن الزواج، أو إجبارها على ما لا تريد.
Эркектерди аялдарга зулум кылуудан тыюу, мейли турмушка берүүдө камкорчулугунан (валийликтен) баш тартуу менен болобу же алар каалабаган нерсеге мажбурлоо менен болобу, айырмасы жок. info

• حَفِظَ الشرع للأم حق الرضاع، وإن كانت مطلقة من زوجها، وعليه أن ينفق عليها ما دامت ترضع ولده.
Шарияттта аял күйөөсү менен ажырашып кетсе да эмизүү укугу энеге берилген жана баланы эмизүү мөөнөтү бүткөнчө күйөөсү аны каржылоого милдеттүү. info

• نهى الله تعالى الزوجين عن اتخاذ الأولاد وسيلة يقصد بها أحدهما الإضرار بالآخر.
Аллах таала жубайларды бири-бирине зыян келтирүү үчүн балдарын курал катары колдонуудан тыйды. info

• الحث على أن تكون كل الشؤون المتعلقة بالحياة الزوجية مبنية على التشاور والتراضي بين الزوجين.
Үй-бүлөлүк жашоого тиешелүү бардык маселелерди жубайлардын кеңешүүсү жана өз ара макулдашуусунун негизинде жүргүзүүгө үндөө. info