[1] Исраил (Яькуб) пайгамбар ооруп калганда, Аллах арам кылбаса деле, өзүнө төөнүн эти менен сүтүн арам кылып алганын эсепке албаганда, яхудийлерге Муса пайгамбардын заманына чейин бардык тамак аштар адал кылынган эле. Анан, Мусанын доорундагы кыянат иштеринин жазасына Аллах Тоорат китебиндеги мурдагы өкүмдү өзгөртүп, яхудийлерге кээ бир тамак-аштарды арам кылган. Яхудилер Исламдагы “насих-мансух” (жоюучу - жоюлган) өкүмдөрдү айыптап: “Бул болбогон нерсе”, “пайгамбарлар эч качан өзү жана өзүнөн илгерки пайгамбар адал же арам кылган нерсени өзгөрткөн өкүмдөрдү алып келишпейт” деп ишенишчү жана ушул ишенимге таянып, яхудийлерге арам болгон тамактарды адал кылган өкүмдөрдү алып келген Иса менен Мухаммадга каапыр болушту. Аллах жогорудагы аят менен алардын жалганчылыгын ашкере кылды.
[1] Ибрахимдин дини Исламдын дал өзүндөй, балким Исламдын өзү эле: Аллахтын таухидин орнотуу, Ага шерик кошпостон сыйынуу, бузук диндерден жүз буруу…
[1] Ибрахим Каабаны куруп жатканда дубалы көкүрөк тушка келгенде, бутунун астына бир таш коюп, ошого чыгып ишин улантат. Ошол ташка таманынын изи түшүп калат.