Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

external-link copy
17 : 64

إِن تُقۡرِضُواْ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا يُضَٰعِفۡهُ لَكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ شَكُورٌ حَلِيمٌ

Эгерде Аллахтын жолунда мал-мүлкүңөрдөн сарптап, Ага жакшы карыз берсеңер, Ал силерге бир жакшылыкты он эседен жети жүз эсеге же андан да көп эсеге чейин көбөйтүү менен сооп-сыйлыкты эселеп берет жана күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах ыраазы Болуучу, Ал аз иш-аракет үчүн көп сооп берет жана Ал жазалоого шашылбаган Токтоо. info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• مهمة الرسل التبليغ عن الله، وأما الهداية فهي بيد الله.
Пайгамбардын милдети – Аллах тараптан жеткирүү. Ал эми туура жолго салуу Аллахтын колунда. info

• الإيمان بالقدر سبب للطمأنينة والهداية.
Тагдырга ыйман келтирүү – бейпилдиктин жана туура жолго түшүүнүн себеби. info

• التكليف في حدود المقدور للمكلَّف.
Шарият милдетин жүктөө – адамдын аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн чегинде болот. info

• مضاعفة الثواب للمنفق في سبيل الله.
Аллах жолунда сарптаган адамдын сообу эселеп берилет. info