Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

external-link copy
38 : 6

وَمَا مِن دَآبَّةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا طَٰٓئِرٖ يَطِيرُ بِجَنَاحَيۡهِ إِلَّآ أُمَمٌ أَمۡثَالُكُمۚ مَّا فَرَّطۡنَا فِي ٱلۡكِتَٰبِ مِن شَيۡءٖۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يُحۡشَرُونَ

Оо, Адам балдары, жер бетинде кыбырыган жандуунун баары, асманда канат каккан канаттуулар жаратылуусунда жана ырыскылануусунда силер сыяктуу эле үммөт. Сакталган китепте (Лавх ал-Махфузда) эч нерсени калтырбай жазганбыз. Баарынын илими Аллахка маалым. Кийин, кыямат күнү өкүмду угуу үчүн баарыңар Аллахка кайтасыңар жана ар ким өзүнө ылайык сыйланат же жазаланат. info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• تشبيه الكفار بالموتى؛ لأن الحياة الحقيقية هي حياة القلب بقَبوله الحق واتباعه طريق الهداية.
Каапырларды өлүккө окшотту; анткени, чындыкты кабыл кылган жана туура жолду ээрчиген жүрөктүн жашоосу чыныгы жашоо info

• من حكمة الله تعالى في الابتلاء: إنزال البلاء على المخالفين من أجل تليين قلوبهم وردِّهم إلى ربهم.
Каршы чыгуучулардын жүрөктөрүн жумшартып, Жаратуучусуна кайтаруу үчүн балээ түшүрүп сыноо Аллахтын даанышмандыгынан info

• وجود النعم والأموال بأيدي أهل الضلال لا يدل على محبة الله لهم، وإنما هو استدراج وابتلاء لهم ولغيرهم.
Адашуучулардын колунда мал-мүлктүн көп болуусу Аллах аларды жакшы көргөндүгүнүн белгиси эмес, бул аларды жана башкаларды кызыктыруучу азгырык, сыноо info