Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Ар-Рахман

Dos propósitos do capítulo:
تذكير الجن والإنس بنعم الله الباطنة والظاهرة، وآثار رحمته في الدنيا والآخرة.
Инсан жана жиндерге Аллахтын көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн жакшылыктарын жана Анын бул дүйнө жана акыреттеги ырайымдуулугунун эскертүү. info

external-link copy
1 : 55

ٱلرَّحۡمَٰنُ

Мээримдүү – чексиз ырайым Ээси. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 55

عَلَّمَ ٱلۡقُرۡءَانَ

Ал адамдарга Куранды жаттоону жана анын маанилерин түшүнүүнү жеңил кылуу менен үйрөттү. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 55

خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ

Ал инсанды түз жана эң сулуу келбетте жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 55

عَلَّمَهُ ٱلۡبَيَانَ

Ал ага ичиндегисин оозеки жана жазуу түрүндө кантип жеткирүүнү үйрөттү. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 55

ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ بِحُسۡبَانٖ

Ал Күн менен Айды адамдар жылдардын эсебин жана санакты билиш үчүн өлчөп белгилеп койду, ал экөөсү так эсеп менен жүрүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 55

وَٱلنَّجۡمُ وَٱلشَّجَرُ يَسۡجُدَانِ

Кандай гана өсүмдүктүн жана дарактын сабагы болбосун, алар Аллахка моюн сунуп сажда кылышат. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 55

وَٱلسَّمَآءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ ٱلۡمِيزَانَ

Ал асманды жер үстүндө чатыр кылып көтөрдү, жерде адилеттикти орнотту жана аны пенделерине буйруду. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 55

أَلَّا تَطۡغَوۡاْ فِي ٱلۡمِيزَانِ

Оо, адамдар! Ал зулумдук жана кыянаттык кылбашыңар үчүн таразада жана өлчөмдө адилеттикти орнотту. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 55

وَأَقِيمُواْ ٱلۡوَزۡنَ بِٱلۡقِسۡطِ وَلَا تُخۡسِرُواْ ٱلۡمِيزَانَ

Ортоңордо адилеттик менен таразалагыла жана башкаларга таразага тартканда же өлчөгөндө кемитпегиле. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 55

وَٱلۡأَرۡضَ وَضَعَهَا لِلۡأَنَامِ

Ал Жерди макулуктар жайланышууга ылайыктуу кылып орнотту. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 55

فِيهَا فَٰكِهَةٞ وَٱلنَّخۡلُ ذَاتُ ٱلۡأَكۡمَامِ

Анда мөмөлүү дарактар бар жана курма болгон бүчүрлүү курма дарактары бар. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 55

وَٱلۡحَبُّ ذُو ٱلۡعَصۡفِ وَٱلرَّيۡحَانُ

Анда буудай менен арпа сыяктуу самандуу дандар бар жана жыты жагымдуу өсүмдүктөр бар. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
14 : 55

خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ كَٱلۡفَخَّارِ

Ал Адамды бышкан чопо сыяктуу чыңкылдаган үн угулган кургак ылайдай жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 55

وَخَلَقَ ٱلۡجَآنَّ مِن مَّارِجٖ مِّن نَّارٖ

Ал эми жиндердин түпкү атасын түтүндүү таза жалындан жаратты. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 55

رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقَيۡنِ وَرَبُّ ٱلۡمَغۡرِبَيۡنِ

Ал жайы-кышы Күндүн эки чыгышы менен эки батышынын Раббиси. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 55

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?! info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• كتابة الأعمال صغيرها وكبيرها في صحائف الأعمال.
Иш-аракеттердин кичинеси да, чоңу да амал баракчаларында жазылат. info

• ابتداء الرحمن بذكر نعمه بالقرآن دلالة على شرف القرآن وعظم منته على الخلق به.
Мээримдүүнүн Өз жакшылыктарын Куранды айтуу менен баштоосу – Курандын кадыр-барктуулугуна жана адамзатка кылган улуу жакшылыгы экенине далил болот. info

• مكانة العدل في الإسلام.
Исламдагы адилеттүүлүктүн орду. info

• نعم الله تقتضي منا العرفان بها وشكرها، لا التكذيب بها وكفرها.
Аллахтын жакшылыктары бизден аларды жалганга чыгарууну жана танып кетүүнү эмес, тескерисинче аларды моюнга алууну жана шүгүр кылууну талап кылат. info