Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Número de página:close

external-link copy
34 : 4

ٱلرِّجَالُ قَوَّٰمُونَ عَلَى ٱلنِّسَآءِ بِمَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بَعۡضَهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ وَبِمَآ أَنفَقُواْ مِنۡ أَمۡوَٰلِهِمۡۚ فَٱلصَّٰلِحَٰتُ قَٰنِتَٰتٌ حَٰفِظَٰتٞ لِّلۡغَيۡبِ بِمَا حَفِظَ ٱللَّهُۚ وَٱلَّٰتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَٱهۡجُرُوهُنَّ فِي ٱلۡمَضَاجِعِ وَٱضۡرِبُوهُنَّۖ فَإِنۡ أَطَعۡنَكُمۡ فَلَا تَبۡغُواْ عَلَيۡهِنَّ سَبِيلًاۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيّٗا كَبِيرٗا

Эркектер аялдарын башкаруучу жана көзөмөлдөөчү, анткени эркектерди Аллах Таала ушуга ылайык кылып, аялдардын напакасын (үй-жай, тамак-аш, кийим-кече) алардын моюнуна жүктөгөн. Жаратуучусуна, күйөөсүнө баш ийген, күйөөсү жокто Аллахтын көмөгү менен өз абийирин жана күйөөсүнүн мал-дүйнөсүн сактаган аялдар - жакшы аялдар. Тили же иш-аракети менен күйөөсүнө баш ийбей, тоң моюндук кылган аялдарга, жылуу-жумшак эскертип, Аллахтан коркуу керектигин насаат кылгыла. Буга көнбөсө, анда төшөк аркылуу, тагыраагы, бирге жатпай, жакындык кылбай эскерткиле. Буга да болбосо, анда аза бербей, акырын ургула. Эгер майнап чыгып, силерге баш ие баштаса, мындан ашыкка барып (уруп-урушуп) аларга залым кылбагыла. Аллах Таала чынында улуулуктун Ээси, заты да, сыпаты да Жогору, Андан корккула info
التفاسير:

external-link copy
35 : 4

وَإِنۡ خِفۡتُمۡ شِقَاقَ بَيۡنِهِمَا فَٱبۡعَثُواْ حَكَمٗا مِّنۡ أَهۡلِهِۦ وَحَكَمٗا مِّنۡ أَهۡلِهَآ إِن يُرِيدَآ إِصۡلَٰحٗا يُوَفِّقِ ٱللَّهُ بَيۡنَهُمَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرٗا

Оо, жубайлардын ишенимдүү кишилери (өкүлдөрү), эгер жубайлардын ортосунда келишпестик, душмандык пайда болот деп корксоңор, аларды ажыратууга же элдештирүүгө өкүм чыгаруу үчүн күйөөнүн да, аялдын да туугандарынан бир адил кишини жибергиле. Өкүм чыгаруучулар аларды элдештирүүнү кааласа жана аларга ушундай жолду көрсөтүшсө, жараштыруу жакшы, пайдалуу иш. Ошондо Аллах жубайлардын ынтымагын бекемдеп, ортодогу келишпестикти жок кылат. Аллах Таалага чынында пенделеринин эч бир иши жашыруун эмес, алардын жүрөгүндө жашырылган майда-баратты бүт Билүүчү info
التفاسير:

external-link copy
36 : 4

۞ وَٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُشۡرِكُواْ بِهِۦ شَيۡـٔٗاۖ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗا وَبِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡجَارِ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡجَارِ ٱلۡجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلۡجَنۢبِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخۡتَالٗا فَخُورًا

Аллахка баш ийип ибадат кылгыла, Аны менен бирге башкага ибадат кылбагыла. Ата-энеңерди урматтап, бапестеп жакшылык кылгыла. Жакын туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге жакшылык кылгыла. Туугандыгы бар кошунаңарга да, туугандыгы жогуна да жакшылык кылгыла. Жаныңардагы шеригиңерге, сапарын улай албай калган карып, мусаапырга жакшылык кылгыла. Кол алдыңардагы кызматчы, кулдарга жакшылык кылгыла. Өзүнө-өзү чиренип өзүн-өзү мактагандарды жана өзгөлөрдү тоотпой текеберлик кылгандарды Аллах Таала жакшы көрбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 4

ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ وَيَأۡمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلۡبُخۡلِ وَيَكۡتُمُونَ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا

Аллах ырыскы кылып берген нерседен башкаларга берүү милдетинен качып сараңдык кылгандарды жана башкаларды да ушуга үнөдгөндөрдү Аллах Таала жакшы көрбөйт. Алар Өзүнүн артыкчылыгы менен берген илим, ырыскы жана башка нерселерди жашырышат. Элге чындыкты айтпай, жашырып, жалганды айтышат. Мындай кысылет сыпаттар каапырларга таандык. Каапырларга аларды кор кыла турган азапты даярдап койгонбуз info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• ثبوت قِوَامة الرجال على النساء بسبب تفضيل الله لهم باختصاصهم بالولايات، وبسبب ما يجب عليهم من الحقوق، وأبرزها النفقة على الزوجة.
Эркектер аялдардан артык экени маалым, себеби, Аллах аларды башкаруучулукка ылайыктаган, аларга кээ бир укуктарды сактоо милдет, негизгиси, аялдарына напака (үй, тамак, кийим) таап беришет info

• التحذير من البغي وظلم المرأة في التأديب بتذكير العبد بقدرة الله عليه وعلوه سبحانه.
Аялга Аллах Тааланын Улуктугун, Кудуретин эскертип адеп, тарбияга чакырганда, ага кысым көрсөтүп, залымдык кылуу болбойт info

• التحذير من ذميم الأخلاق، كالكبر والتفاخر والبخل وكتم العلم وعدم تبيينه للناس.
Элге чындыкты айтпоо, билгенин, илимин жашыруу, сараңдык кылуу, мактанып, менменсинүү жана текеберленүү эң жаман ахлактардан info