Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Número de página:close

external-link copy
39 : 35

هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَكُمۡ خَلَٰٓئِفَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ فَمَن كَفَرَ فَعَلَيۡهِ كُفۡرُهُۥۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ كُفۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ إِلَّا مَقۡتٗاۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ كُفۡرُهُمۡ إِلَّا خَسَارٗا

Эй, адамдар! Ал силерди иш жүзүндө сынаш үчүн жер бетинде бири-бириңерге орун басар кылды. Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарлар алып келген нерсеге каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын күнөөсү өзүнө кайтат, анын каапырлыгы Раббисине зыян бербейт. Каапырлардын каапырлыгы Раббисинин алдында ашыкча жек көрүүнү көбөйткөндөн көбөйтө берет жана каапырлардын каапырлыгы зыянга учуроону да көбөйтөт. Эгер алар ыйман келтиришкенде Аллах алар үчүн бейиште даярдап койгон нерселерде зыян тартышмак эмес. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 35

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ شُرَكَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَمۡ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ كِتَٰبٗا فَهُمۡ عَلَىٰ بَيِّنَتٖ مِّنۡهُۚ بَلۡ إِن يَعِدُ ٱلظَّٰلِمُونَ بَعۡضُهُم بَعۡضًا إِلَّا غُرُورًا

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мага айткылачы, силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар Жер бетинде эмнени жаратты? Тоолорду жараттыбы? Дарыяларды жараттыбы? Жан-жаныбарларды жараттыбы? Же алар асмандарды жаратууда Аллах менен шериктешпи?». Же Биз аларга кудайларына сыйынуу туура деген далилдерди камтыган китеп бериптирбизби? Алардын эч бири болгон эмес! Тескерисинче каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулум кылгандардын бири-бирине кылган убадасы алдоо гана. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 35

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يُمۡسِكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ أَن تَزُولَاۚ وَلَئِن زَالَتَآ إِنۡ أَمۡسَكَهُمَا مِنۡ أَحَدٖ مِّنۢ بَعۡدِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورٗا

Чындыгында Аллах асмандар менен Жерди жок болуп кетүүдөн сактап кармап турат. Эгерде ал экөөсү жок болуп кетсин дей турган болсок, анда Аллахтан кийин аны жок болуп кетүүдөн эч ким кармап кала албайт. Чындыгында Ал жазалоого шашылбаган Токтоо, пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 35

وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِن جَآءَهُمۡ نَذِيرٞ لَّيَكُونُنَّ أَهۡدَىٰ مِنۡ إِحۡدَى ٱلۡأُمَمِۖ فَلَمَّا جَآءَهُمۡ نَذِيرٞ مَّا زَادَهُمۡ إِلَّا نُفُورًا

Ал жалганчы каапырлар эгер аларга Аллах тараптан Анын азабын эскерткен пайгамбар келсе, анда акыйкатка түздөнүүдө жана аны карманууда жөөттөрдөн да, христиандардан да ашып түшөбүз деп катуу ант беришкен. Ал эми качан Мухаммад аларга Раббиси тараптан пайгамбар болуп келип, аларды Аллахтын азабынан коркутканда, анын келиши аларды акыйкаттан алыстатып, жалганды карманууларын күчөттү. Алар мурункулардан да түз жолдо болобуз деп берген бекем анттарын аткарышкан жок. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 35

ٱسۡتِكۡبَارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَكۡرَ ٱلسَّيِّيِٕۚ وَلَا يَحِيقُ ٱلۡمَكۡرُ ٱلسَّيِّئُ إِلَّا بِأَهۡلِهِۦۚ فَهَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا سُنَّتَ ٱلۡأَوَّلِينَۚ فَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗاۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَحۡوِيلًا

Алардын Аллахтын аты менен ант беришкени жакшы ниетте жана туура максатта болгон эмес. Тескерисинче Жер бетинде текеберлик кылуу жана адамдарды алдоо үчүн болгон. Бузуку айла-амал айлакерлердин өздөрүн курчап алат. Ал текебер айлакерлер аларга окшогон мурункуларды жок кылгандай аларды да жок кылган Аллахтын өзгөрбөс өкүм жолун күтүп жатышабы?! Сен тебекерлерди жок кылууда Аллахтын өкүм жолу аларга келбей тургандай кылып аны өзгөрткөн же алардан башкаларга буруп жибере тургандай нерсени эч качан таба албайсың. Анткени Аллахтын өкүм жолу өзгөрбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 35

أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَكَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعۡجِزَهُۥ مِن شَيۡءٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَلِيمٗا قَدِيرٗا

Курайштагы сени жалганга чыгаргандар жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Алардын акыбети жамандык менен бүттү, анткени Аллах аларды жок кылды. Алар курайштан да күч-кубаттуу эле. Аллах асмандар менен Жердеги эч бир нерсени өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал жалганчылардын иш-аракеттерин Билүүчү, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жибербейт. Ал качан кааласа аларды кыйратууга Кудуреттүү. info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• الكفر سبب لمقت الله، وطريق للخسارة والشقاء.
Каапырлык Аллахтын жек көрүүсүнө себеп болот, кыйроого жана бактысыздыкка жол ачат. info

• المشركون لا دليل لهم على شركهم من عقل ولا نقل.
Акыл жактан да, накыл жактан да мушриктердин ширктерине эч кандай далил жок. info

• تدمير الظالم في تدبيره عاجلًا أو آجلًا.
Залымдын ой-максаты эртеби-кечпи аны кыйроого түртөт. info