Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Número de página:close

external-link copy
51 : 33

۞ تُرۡجِي مَن تَشَآءُ مِنۡهُنَّ وَتُـٔۡوِيٓ إِلَيۡكَ مَن تَشَآءُۖ وَمَنِ ٱبۡتَغَيۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكَۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعۡيُنُهُنَّ وَلَا يَحۡزَنَّ وَيَرۡضَيۡنَ بِمَآ ءَاتَيۡتَهُنَّ كُلُّهُنَّۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمٗا

Оо, пайгамбар! Сен аялдарыңдан кимисин кааласаң, аныкында түнөбөстөн анын күнүн кечиктире аласың жана алардан кимисин кааласаң, аныкында түнөп аны менен бирге боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдын кимисинен бирге болууну талап кылсаң, бул нерседе сага күнөө болбойт. Сага берилген бул тандоо жана кенендик аялдарыңдын көздөрү кубануусуна жана алардын баарына берген нерсеңе ыраазы болуусуна жакыныраак. Анткени алар сени жоопкерчиликти таштабайт, акыларга сараңдык кылбайт деп билишет. Эй, эркектер! Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү аялдарыңардын кээ бирлерине көңүлүңөр тартып турганын билет. Чындыгында Аллах пенделеринин иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Токтоо, балким алар тообо кылат деген үмүттө аларды жазалоого шашылбайт. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 33

لَّا يَحِلُّ لَكَ ٱلنِّسَآءُ مِنۢ بَعۡدُ وَلَآ أَن تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنۡ أَزۡوَٰجٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَكَ حُسۡنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ رَّقِيبٗا

Оо, пайгамбар! Сага сенин коргооңдогу аялдарыңдан башка аялдарга үйлөнүүгө уруксат жок жана аларга талак берүүгө же башка аялдарды сулуулугуна кызыгып аларды алыш үчүн кээ бирлерине талак берүүгө да уруксат жок. Бирок санын чектебестен кол астыңа күң аялдарды алсаң болот. Чындыгында Аллах бардык нерсени байкап турат. Бул өкүм ыймандуулардын энелеринин артыкчылыктарын билдирет. Анткени аларга талак берүү жана үйлөнүү тыйылган. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتَ ٱلنَّبِيِّ إِلَّآ أَن يُؤۡذَنَ لَكُمۡ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيۡرَ نَٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَٰكِنۡ إِذَا دُعِيتُمۡ فَٱدۡخُلُواْ فَإِذَا طَعِمۡتُمۡ فَٱنتَشِرُواْ وَلَا مُسۡتَـٔۡنِسِينَ لِحَدِيثٍۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ يُؤۡذِي ٱلنَّبِيَّ فَيَسۡتَحۡيِۦ مِنكُمۡۖ وَٱللَّهُ لَا يَسۡتَحۡيِۦ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ وَإِذَا سَأَلۡتُمُوهُنَّ مَتَٰعٗا فَسۡـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٖۚ ذَٰلِكُمۡ أَطۡهَرُ لِقُلُوبِكُمۡ وَقُلُوبِهِنَّۚ وَمَا كَانَ لَكُمۡ أَن تُؤۡذُواْ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓاْ أَزۡوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦٓ أَبَدًاۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди тамакка чакырып, кирүүгө уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамактын бышканын күтүп көпкө олтура бербегиле! Бирок тамакка чакырылсаңар, анда киргиле. Жеп бүткөндөн кийин шыр тарап кеткиле. Андан кийин бири-бириңер менен сүйлөшүп сөзгө алаксып олтура бербегиле. Чындыгында бул олтурганыңар пайгамбарды кыжалат кылат. Ал силерди кеткиле деп айткандан уялат. Аллах болсо акыйкатка буйругандан уялбайт. Ал силерге пайгамбарга зыян бербеш үчүн олтурбастан кетүүңөрдү буйруйт. Эгерде силер пайгамбардын аялдарынан идиш-аяк сыяктуу ж.б. керек болгон нерселерди сурасаңар, аны парданын артынан сурагыла. Аллахтын элчисинин урматы үчүн жана аларды коргоо үчүн алар силерди көрө тургандай абалда бетме-бет сурабагыла! Шайтан силердин жана алардын жүрөктөрүнө кирип азгырбоосу үчүн жана күнөөнү кооз кылбашы үчүн ушундай кылып парда артынан сураганыңар силердин жүрөгүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Эй, ыймандуулар! Силер үчүн Аллахтын элчисин кыжалат кылып сүйлөшүп олтурганга болбойт, ошондой эле ал дүйнөдөн өткөндөн кийин анын аялдарына үйлөнгөнгө да болбойт. Алар ыймандуулардын энелери. Эч кимге өз энесине үйлөнүүгө уруксат эмес. Чындыгында антип кыжалат кылганыңар, ошондой эле ал өткөндөн кийин аялдарына үйлөнгөнүңөр арам жана Аллахтын алдында чоң күнөө. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 33

إِن تُبۡدُواْ شَيۡـًٔا أَوۡ تُخۡفُوهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا

Эгер силер кээ бир иш-аракеттериңерди билдирсеңер да, же аны ичиңерде жашырсаңар да, алардын эч бири Аллахка жашыруун эмес. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Силердин кылган иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал силердин иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшылык болсо сыйлыгы, жамандык болсо жазасы болот. info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• عظم مقام النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه؛ ولذلك عاتب الصحابة رضي الله عنهم الذين مكثوا في بيته صلى الله عليه وسلم لِتَأَذِّيه من ذلك.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Раббисинин алдында кадыры жогору, ошон үчүн аны кыжаалат кылып, үйүндө көпкө отуруп алган сахабаларды Аллах Таала жемелеген info

• ثبوت صفتي العلم والحلم لله تعالى.
Аллах илим жана токтоолук сыпатына ээ экендигин тастыктоо. info

• الحياء من أخلاق النبي صلى الله عليه وسلم.
Уялуу пайгамбардын адеп-ахлактарынан. info

• صيانة مقام أمهات المؤمنين زوجات النبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) аялдары, момундардын энелеринин урмат-сыйын жайына коюп, аброюн коргоо (милдет). info