Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Número de página:close

external-link copy
32 : 24

وَأَنكِحُواْ ٱلۡأَيَٰمَىٰ مِنكُمۡ وَٱلصَّٰلِحِينَ مِنۡ عِبَادِكُمۡ وَإِمَآئِكُمۡۚ إِن يَكُونُواْ فُقَرَآءَ يُغۡنِهِمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ

Эй, ыймандуулар! Аялы жок эркектерди жана күйөөсү жок эркин аялдарды үйлөндүргүлө. Ошондой эле кулдарыңардын жана күңдөрүңөрдүн ыймандууларын үйлөндүргүлө. Эгер алар жарды болушса, Аллах аларды кең пейилдиги менен байытат. Аллахтын ырыскысы кенен, бирөөгө байлык берүү менен Анын ырыскысы кемип кетпейт. Ал пенделеринин абалдарын билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 24

وَلۡيَسۡتَعۡفِفِ ٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ نِكَاحًا حَتَّىٰ يُغۡنِيَهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱلَّذِينَ يَبۡتَغُونَ ٱلۡكِتَٰبَ مِمَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ فَكَاتِبُوهُمۡ إِنۡ عَلِمۡتُمۡ فِيهِمۡ خَيۡرٗاۖ وَءَاتُوهُم مِّن مَّالِ ٱللَّهِ ٱلَّذِيٓ ءَاتَىٰكُمۡۚ وَلَا تُكۡرِهُواْ فَتَيَٰتِكُمۡ عَلَى ٱلۡبِغَآءِ إِنۡ أَرَدۡنَ تَحَصُّنٗا لِّتَبۡتَغُواْ عَرَضَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَمَن يُكۡرِههُّنَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ مِنۢ بَعۡدِ إِكۡرَٰهِهِنَّ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Жардылыгы себептүү үйлөнө албай жүргөндөр Аллах аларды кең пейилдиги менен байытканга чейин зынадан абийирлерин таза сакташсын. Кулдардын арасынан кимиси кулчулуктан кутулуш үчүн акча төлөп кожоюндары менен азаттык келишимин түзүүнү кааласа жана кожоюндары алардын кутулуп кете аларын жана диндарлыгын билишсе, анда алардын бул сунушун кабыл алышсын. Алар ортодо келишкен төлөмдүн бир бөлүгүн алардан кечип Аллахтын аларга берген мүлктөрүнөн беришсин. Жана күңдөрүңөр өз абийирин сатып тапканын алыш үчүн аларды акча тап деп зына кылууга мажбурлабагыла! (Абдуллах ибну Убайдын эки күңү бузукулуктан алыс болобуз, абийирибизди сактайбыз деп айтышса да ага карабай күңдөрүн мажбурлаган). Араңардан ким аларды ушундай кылууга мажбурласа, акыйкатта Аллах алар мажбурланууга кабылган соң ал күңдөрдүн күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар зордоого кабылышты жана күнөөсүн зордогондор көтөрөт. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 24

وَلَقَدۡ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ ءَايَٰتٖ مُّبَيِّنَٰتٖ وَمَثَلٗا مِّنَ ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلِكُمۡ وَمَوۡعِظَةٗ لِّلۡمُتَّقِينَ

Эй, адамдар! Биз силерге эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарды түшүрдүк. Силерден мурун жашап өткөн ыймандуулардын жана каапырлардын окуяларын түшүрдүк. Ошондой эле Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбалар сабак ала турган насааттарды түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 24

۞ ٱللَّهُ نُورُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ مَثَلُ نُورِهِۦ كَمِشۡكَوٰةٖ فِيهَا مِصۡبَاحٌۖ ٱلۡمِصۡبَاحُ فِي زُجَاجَةٍۖ ٱلزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوۡكَبٞ دُرِّيّٞ يُوقَدُ مِن شَجَرَةٖ مُّبَٰرَكَةٖ زَيۡتُونَةٖ لَّا شَرۡقِيَّةٖ وَلَا غَرۡبِيَّةٖ يَكَادُ زَيۡتُهَا يُضِيٓءُ وَلَوۡ لَمۡ تَمۡسَسۡهُ نَارٞۚ نُّورٌ عَلَىٰ نُورٖۚ يَهۡدِي ٱللَّهُ لِنُورِهِۦ مَن يَشَآءُۚ وَيَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَٰلَ لِلنَّاسِۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ

Аллах асмандар менен жердин нуру жана алардын ортосундагы нерселерди туура багытка жолдоочу. Ыймандуу адамдын жүрөгүндөгү Анын нуру – чырак коюлган дубал боорундагы оюк текче сыяктуу. Чырак болсо каухардай жаркырак жылдыз сымал жаркыраган шишенин ичинде. Ал чырак берекелүү дарактын майы менен күйөт. Ал зайтун дарагы. Ал даракты эртели-кеч күндөн эч бир нерсе тоспойт. Анын майына от тийбесе да тунуктугунан эле жаркырайын деп турат. А эгер тийсе кандай болот?! Чырактын нуруна шишенин нуру кошулду. Ыймандуунун жүрөгү да ушундай, эгер анын ичинде хидаят нуру жаркырай турган болсо. Аллах пенделеринен кимди кааласа Куранды ээрчүүгө ийгилик берет. Аллах кээ бир нерселерге өздөрүнө окшош нерселерди айтып мисалдарды келтирет. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага анын эч бири жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 24

فِي بُيُوتٍ أَذِنَ ٱللَّهُ أَن تُرۡفَعَ وَيُذۡكَرَ فِيهَا ٱسۡمُهُۥ يُسَبِّحُ لَهُۥ فِيهَا بِٱلۡغُدُوِّ وَٱلۡأٓصَالِ

Бул чырак кадыры жана курулушу бийик болсун деп Аллах буйруган мечиттерде күйүп турат. Ал жайларда Анын ысымы азан, зикир жана намаз аркылуу эскерилип турат жана эртели-кеч Аллахтын ыраазылыгы үчүн намаз окулат. info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• الله عز وجل ضيق أسباب الرق (بالحرب) ووسع أسباب العتق وحض عليه .
Аллах таала кулчулуктун себептерин (согуш аркылуу гана чектүү абалда боло турган кылды) ал эми азат кылуунун себептерин кең кылып, аны аткарууга үндөдү. info

• التخلص من الرِّق عن طريق المكاتبة وإعانة الرقيق بالمال ليعتق حتى لا يشكل الرقيق طبقة مُسْتَرْذَلة تمتهن الفاحشة.
Келишим жолу аркылуу кулчулуктан кутулуу жана кул бузукулукту кесип кылып кордукка кабылган эзилүүчү тапка кирбеш үчүн ага материалдык жактан жардам берүү. info

• قلب المؤمن نَيِّر بنور الفطرة، ونور الهداية الربانية.
Ыймандуу адамдын жүрөгү түпкү таза табият нуру жана Аллах тараптан болгон хидаят нуру менен жаркырап турат. info

• المساجد بيوت الله في الأرض أنشأها ليعبد فيها، فيجب إبعادها عن الأقذار الحسية والمعنوية.
Мечиттер – жер бетинде сыйынуу үчүн курулган Аллахтын үйлөрү. Андыктан ал жайларды руханий жана көзгө көрүнгөн ыплас нерселерден алыс тутуу зарыл. info

• من أسماء الله الحسنى (النور) وهو يتضمن صفة النور له سبحانه.
Ан-Нур деген Аллахтын ысымдарынан жана ал өзүнө Аллах таала нурга ээ деген сыпатын камтыйт. info