Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução quirguiz - Shamsuddin Hakimov

Número de página:close

external-link copy
51 : 33

۞ تُرۡجِي مَن تَشَآءُ مِنۡهُنَّ وَتُـٔۡوِيٓ إِلَيۡكَ مَن تَشَآءُۖ وَمَنِ ٱبۡتَغَيۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكَۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعۡيُنُهُنَّ وَلَا يَحۡزَنَّ وَيَرۡضَيۡنَ بِمَآ ءَاتَيۡتَهُنَّ كُلُّهُنَّۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمٗا

(Дагы) Сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (түнөө күнүн) кечиктирип, каалаганың менен (ошол түнү) боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.[1] Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллах Билүүчү, Жумшак (жазалоого шашпайт). info

[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салам башка момундардан айырмаланып, аялдарынын кимисине барууда ыктыярдуу кылынды. Эгер ал төшөк маселесинде аялдарынын арасында адилет кылган болсо, бул анын өз каалосу менен болгон.

التفاسير:

external-link copy
52 : 33

لَّا يَحِلُّ لَكَ ٱلنِّسَآءُ مِنۢ بَعۡدُ وَلَآ أَن تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنۡ أَزۡوَٰجٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَكَ حُسۡنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ رَّقِيبٗا

Сага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(га үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллах бардык нерселерди күзөтүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتَ ٱلنَّبِيِّ إِلَّآ أَن يُؤۡذَنَ لَكُمۡ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيۡرَ نَٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَٰكِنۡ إِذَا دُعِيتُمۡ فَٱدۡخُلُواْ فَإِذَا طَعِمۡتُمۡ فَٱنتَشِرُواْ وَلَا مُسۡتَـٔۡنِسِينَ لِحَدِيثٍۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ يُؤۡذِي ٱلنَّبِيَّ فَيَسۡتَحۡيِۦ مِنكُمۡۖ وَٱللَّهُ لَا يَسۡتَحۡيِۦ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ وَإِذَا سَأَلۡتُمُوهُنَّ مَتَٰعٗا فَسۡـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٖۚ ذَٰلِكُمۡ أَطۡهَرُ لِقُلُوبِكُمۡ وَقُلُوبِهِنَّۚ وَمَا كَانَ لَكُمۡ أَن تُؤۡذُواْ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓاْ أَزۡوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦٓ أَبَدًاۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا

Оо, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллах болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллахтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллахтын назарында чоң күнөө болмок. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 33

إِن تُبۡدُواْ شَيۡـًٔا أَوۡ تُخۡفُوهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا

Эгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллах бардык нерсени билип турат. info
التفاسير: