ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
62 : 24

إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَإِذَا كَانُواْ مَعَهُۥ عَلَىٰٓ أَمۡرٖ جَامِعٖ لَّمۡ يَذۡهَبُواْ حَتَّىٰ يَسۡتَـٔۡذِنُوهُۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَسۡتَـٔۡذِنُونَكَ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ فَإِذَا ٱسۡتَـٔۡذَنُوكَ لِبَعۡضِ شَأۡنِهِمۡ فَأۡذَن لِّمَن شِئۡتَ مِنۡهُمۡ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لَهُمُ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Өз ыймандарында чыныгы ыймандуу адамдар – Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ыйман келтиргендер. Эгерде алар мусулмандардын пайдасы үчүн бир иште пайгамбар менен чогу болушса, андан уруксат сурамайынча кетишпейт. Оо, пайгамбар! Чындыгында сенден кеткенге уруксат сурагандар – ошолор Аллахка жана Анын элчисине чындап ыйман келтиргендер. Эгерде алар иштери чыгып сенден уруксат сурашса, алардан өзүң каалаганына кетүүгө уруксат бер жана алардын күнөөлөрү үчүн кечирим сура. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Мээримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
63 : 24

لَّا تَجۡعَلُواْ دُعَآءَ ٱلرَّسُولِ بَيۡنَكُمۡ كَدُعَآءِ بَعۡضِكُم بَعۡضٗاۚ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ يَتَسَلَّلُونَ مِنكُمۡ لِوَاذٗاۚ فَلۡيَحۡذَرِ ٱلَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنۡ أَمۡرِهِۦٓ أَن تُصِيبَهُمۡ فِتۡنَةٌ أَوۡ يُصِيبَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ

О, ыймандуулар! Аллахтын элчисин сыйлагыла! Ага кайрылганда, бири-бириңерге кайрылгандай аны: «Мухаммад» деп, же атасынын атынан айтып: «Абдуллахтын баласы» деп чакырбагыла! Ага: «Аллахтын элчиси! Аллахтын пайгамбары» деп кайрылгыла. Эгер ал силерди жалпы ишке чакырса, анын чакырыгын бири-бириңерди чакыргандай кабыл кылбагыла. Тескерисинче, ага тез жооп берүүгө шашылгыла. Аллах силердин араңардан уруксатсыз, байкатпай кетип калгандарды жакшы билет. Андыктан, Аллахтын элчисинин буйругуна каршы чыккандар, Аллах алардын башына балээ түшүрүүсүнөн же алар чыдабаган оор азапка кириптер кылуусунан сак болушсун! info
التفاسير:

external-link copy
64 : 24

أَلَآ إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ قَدۡ يَعۡلَمُ مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ وَيَوۡمَ يُرۡجَعُونَ إِلَيۡهِ فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُواْۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمُۢ

Асмандар менен жердеги жаратуу, бийлик кылуу жана башкаруу жалгыз Аллахка гана таандык. Оо, адамдар! Ал силердин абалдарыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Качан алар өлүмдөн кийин кайра тирилип Ага кайткан кыямат күнү аларга дүйнөдө кандай иштерди кылышкандыгынын кабарын берет. Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Асмандар менен жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• دين الإسلام دين النظام والآداب، وفي الالتزام بالآداب بركة وخير.
Ислам дини – тартиптештирүүнүн жана адептердин дини. Ал эми адептерди карманууда береке менен жакшылык бар. info

• منزلة رسول الله صلى الله عليه وسلم تقتضي توقيره واحترامه أكثر من غيره.
Аллахтын элчисинин бийик орду башкаларга караганда көбүрөөк сый-урмат кылууну талап кылат. info

• شؤم مخالفة سُنَّة النبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбардын сүннөтүнө каршы чыгуунун жамандыгы. info

• إحاطة ملك الله وعلمه بكل شيء.
Аллахтын мүлкү менен илими бардык нерсени өзүнө камтыйт. info