ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
43 : 23

مَا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ

Бул жалганчы коомдордун кайсынысы болбосун, аларда кандай каражаттар болсо дагы кыйроосу белгиленген мөөнөтүнөн ашпайт жана кечикпейт. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 23

ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا تَتۡرَاۖ كُلَّ مَا جَآءَ أُمَّةٗ رَّسُولُهَا كَذَّبُوهُۖ فَأَتۡبَعۡنَا بَعۡضَهُم بَعۡضٗا وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَۚ فَبُعۡدٗا لِّقَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ

Кийин Биз пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жибердик. Качандыр ошол коомдордун ар бирине жөнөтүлгөн пайгамбарлары келгенде аларды жалганга чыгарышты. Ошондо Биз дагы аларды биринин артынан бирин кыйраттык жана алар тууралуу эл оозунда айтылган сөздөрдөн башка эч нерсе калбады. Пайгамбарлары Раббиси тараптан алып келген нерсеге ыйман келтирбеген коомдорго кыйроо болсун! info
التفاسير:

external-link copy
45 : 23

ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ وَأَخَاهُ هَٰرُونَ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ

Андан соң Биз Муса менен бир тууганы Харунду тогуз керемет-белгилерибиз (таяк, кол, саранчалар, биттер, бакалар, кан, суу каптоо, кургакчылык, түшүмдүн жоктугу) жана ачык-айкын далилдер менен жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 23

إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمًا عَالِينَ

Ал экөөсүн Фараонго жана элиндеги кадырлуу адамдарга жибергенибизде алар текеберленишти, ал экөөсүнө ыйман келтирип баш ийишкен жок. Алар адамдарды басмырлап, зулумдук кылып өздөрүн алардан жогору койгон адамдар эле. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 23

فَقَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لِبَشَرَيۡنِ مِثۡلِنَا وَقَوۡمُهُمَا لَنَا عَٰبِدُونَ

Алар айтышты: «Бизге эле окшогон, эч кандай артыкчылыгы болбогон бул эки адамга ыйман келтиребизби? Бул экөөнүн эли (Исраил урпактары) бизге баш ийишкендер го?». info
التفاسير:

external-link copy
48 : 23

فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُواْ مِنَ ٱلۡمُهۡلَكِينَ

Ошондо ал экөөсү Раббиси тараптан алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Алар жалганга чыгаргандары себептүү сууга чөктүрүлүп кыйроого учурашты. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 23

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ

Биз Мусага Тооратты эли акыйкат жолго түшсүн жана аны иш жүзүндө аткарсын деген үмүттө бердик. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 23

وَجَعَلۡنَا ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥٓ ءَايَةٗ وَءَاوَيۡنَٰهُمَآ إِلَىٰ رَبۡوَةٖ ذَاتِ قَرَارٖ وَمَعِينٖ

Жана Биз Ыйса менен анын энеси Мариямды кудуретибизди билдирген белги кылдык. Ал атасыз боюнда болду жана Биз ал экөөсүн жердин отурукташууга ылайыктуу, суу агып турган бийик жеринде калкаладык. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 23

يَٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُواْ مِنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ

Оо, пайгамбарлар! Мен силерге адал кылган, жегенге жагымдуу нерселерден жегиле жана шариятка туура келген жакшы иштерди кылгыла. Чындыгында Мен силердин ар бир кылган ишиңерди билемин. Мага силердин иштериңердин эч бири жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 23

وَإِنَّ هَٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَأَنَا۠ رَبُّكُمۡ فَٱتَّقُونِ

Оо, пайгамбарлар! Чындыгында силердин диниңер – бир дин. Ал Ислам дини. А Мен силердин Раббиңермин, силердин Менден башка Раббиңер жок. Андыктан Менден гана корккула, буйруктарымды аткаркыла жана тыйгандарымды таштагыла! info
التفاسير:

external-link copy
53 : 23

فَتَقَطَّعُوٓاْ أَمۡرَهُم بَيۡنَهُمۡ زُبُرٗاۖ كُلُّ حِزۡبِۭ بِمَا لَدَيۡهِمۡ فَرِحُونَ

Бирок аларды ээрчигендер алардан кийин динде топторго бөлүнүп кетишти. Ар бир топ өзү ишенгенин гана туура деп ошону Аллахтын алдында кабыл кылына турган дин деп калышты. Ал эми башкалардыкына көңүл да бурушкан жок. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 23

فَذَرۡهُمۡ فِي غَمۡرَتِهِمۡ حَتَّىٰ حِينٍ

Оо, пайгамбар! Сен аларды өз наадандыгында жана адашуусунда азап түшө турган убакка чейин тим кой. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 23

أَيَحۡسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُم بِهِۦ مِن مَّالٖ وَبَنِينَ

55-56- Алдындагы нерселерге кубанган ал топтор Биз аларга бул дүйнө жашоосунда берген байлыктарды жана бала-чаканы алар татыктуу болгон жакшылыктын тездеши деп ойлоп жатышабы?! Алар ойлогондой эмес! Чындыгында Биз аны аларга мөөнөт берип, акырындык менен азапташ үчүн берип жатабыз. Алар аны сезишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 23

نُسَارِعُ لَهُمۡ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ بَل لَّا يَشۡعُرُونَ

55-56- Алдындагы нерселерге кубанган ал топтор Биз аларга бул дүйнө жашоосунда берген байлыктарды жана бала-чаканы алар татыктуу болгон жакшылыктын тездеши деп ойлоп жатышабы?! Алар ойлогондой эмес! Чындыгында Биз аны аларга мөөнөт берип, акырындык менен азапташ үчүн берип жатабыз. Алар аны сезишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 23

إِنَّ ٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ خَشۡيَةِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ

Ал эми ыйман келтирип, жакшылыктарды кылуу менен бирге Раббисинен коркушкандар, info
التفاسير:

external-link copy
58 : 23

وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ يُؤۡمِنُونَ

Анын Китебиндеги аяттарга ыйман келтиришкендер, info
التفاسير:

external-link copy
59 : 23

وَٱلَّذِينَ هُم بِرَبِّهِمۡ لَا يُشۡرِكُونَ

Раббисин жалгыздап Ага эч бир нерсени шерик кылбагандар, info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• الاستكبار مانع من التوفيق للحق.
Текеберленүү – акыйкатка карай ийгиликти тосот. info

• إطابة المأكل له أثر في صلاح القلب وصلاح العمل.
Адал тамак жеш – жүрөктүн тазалыгына жана иш-аракеттердин тууралыгына таасир берет. info

• التوحيد ملة جميع الأنبياء ودعوتهم.
Аллахты жалгыздоо – бардык пайгамбарлардын дини жана чакырыгы. info

• الإنعام على الفاجر ليس إكرامًا له، وإنما هو استدراج.
Бузуку адамга берилген жакшылык – бул ага көрсөтүлгөн урмат эмес, бул аны акырындык менен жазалоо. info