ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
28 : 23

فَإِذَا ٱسۡتَوَيۡتَ أَنتَ وَمَن مَّعَكَ عَلَى ٱلۡفُلۡكِ فَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي نَجَّىٰنَا مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Качан сен жана сени менен аман кала турган ыймандуулар кемеге түшкөндө мындай деп айткын: «Каапыр коомду кыйратып, бизди алардан куткарган Аллахка чексиз мактоолор болсун». info
التفاسير:

external-link copy
29 : 23

وَقُل رَّبِّ أَنزِلۡنِي مُنزَلٗا مُّبَارَكٗا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡمُنزِلِينَ

Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени жер бетиндеги берекелүү жайга түшүр. Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 23

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ وَإِن كُنَّا لَمُبۡتَلِينَ

Чындыгында бул айтылгандарда, тагыраак айтканда Нухту жана аны менен бирге болгон ыймандууларды куткарып, каапырларды жок кылууда – Биз пайгамбарларыбызга жардам берүүгө жана аларды жалганга чыгаргандарды жок кылууга кудуреттүү экенибизге ачык-айкын белгилер бар. Чындыгында Биз Нухту элине аны пайгамбар кылып жиберип, ыймандууну каапырдан жана моюн сунганды күнөөкөрдөн айырмалаш үчүн анын коомун сынадык. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 23

ثُمَّ أَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قَرۡنًا ءَاخَرِينَ

Андан соң Нухтун коомун жок кылгандан кийин башка коомду пайда кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 23

فَأَرۡسَلۡنَا فِيهِمۡ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ

Аларды Аллахка чакырыш үчүн өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. Ал аларга айтты: «Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллахтын тыйгандарын таштап жана буйруктарын аткарып Андан коркпойсуңарбы?!». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 23

وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِلِقَآءِ ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَتۡرَفۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا مَا هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يَأۡكُلُ مِمَّا تَأۡكُلُونَ مِنۡهُ وَيَشۡرَبُ مِمَّا تَشۡرَبُونَ

Анын элинен Аллахка каапырлык кылган, акыретти жана андагы боло турган сыйлык же жазаны жалганга чыгарган, бул дүйнө жашоосунда Биз аларга кең кылып берген жакшылыктарда аша чапкан кадырлуу адамдар менен башчылары өз тарапташтарына жана жалпы элге айтышты: «Мына бу силерге окшогон эле адам. Ал силер жегенди жейт, силер ичкенди ичет. Ал силерге пайгамбар болуп жиберилгидей эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 23

وَلَئِنۡ أَطَعۡتُم بَشَرٗا مِّثۡلَكُمۡ إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ

Эгерде өзүңөгө окшогон, силерден эч кандай артыкчылыкка ээ болбогон адамга ээрчип, ага баш ийип, кудайларыңарды таштасаңар, анда силер анык зыянга учурап жана да ага баш ийгениңерден эч бир пайда таппайсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 23

أَيَعِدُكُمۡ أَنَّكُمۡ إِذَا مِتُّمۡ وَكُنتُمۡ تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَنَّكُم مُّخۡرَجُونَ

Мына бу өзүн пайгамбармын деп ойлоп жаткан адам: «Силер өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кабырларыңардан тирилип чыгасыңар» – деп силерге убада кылып жатабы? Мунун акылы жайындабы? info
التفاسير:

external-link copy
36 : 23

۞ هَيۡهَاتَ هَيۡهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ

Силер өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кабырларыңардан тирилип чыгасыңар деп айткан убадасы өтө алыс! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 23

إِنۡ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا نَمُوتُ وَنَحۡيَا وَمَا نَحۡنُ بِمَبۡعُوثِينَ

Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок! Акырет жашоосу да жок! Бизден тирүүлөр өлөт, алар кайра тирилишпейт. Башкалар төрөлүп, алар жашашат. Биз өлгөндөн кийин кыямат күнү сурак үчүн кайра тирилип чыкпайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 23

إِنۡ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا وَمَا نَحۡنُ لَهُۥ بِمُؤۡمِنِينَ

Мына бу өзүн силерге пайгамбармын деп айтып жаткан адам жөнөкөй эле адам. Ал бул сөзү менен Аллахка жалган жалаа жаап жатат. Биз буга ыйман келтирбейбиз. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 23

قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي بِمَا كَذَّبُونِ

Пайгамбар айтты: «Оо, Раббим! Булар мени жалганга чыгарганы себептүү алардан өч алып аларга каршы мага жардам бер». info
التفاسير:

external-link copy
40 : 23

قَالَ عَمَّا قَلِيلٖ لَّيُصۡبِحُنَّ نَٰدِمِينَ

Аллах ага жооп кылып: «Сен алып келген нерсени жалганга чыгарган ал жалганчылар бир аз убакыттан кийин жалганга чыгаргандарына өкүнүшөт» – деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 23

فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ بِٱلۡحَقِّ فَجَعَلۡنَٰهُمۡ غُثَآءٗۚ فَبُعۡدٗا لِّلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Алар баш ийбестиктери үчүн азапка татыктуу болушканы себептүү аларды кыйратуучу ач кыйкырык алып, селдин суусунун үстүндө калкыган, алсыз чырпыктардай жансыз өлүмтүктөргө айландырды. Заалым коомдорго кыйроо болсун! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 23

ثُمَّ أَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قُرُونًا ءَاخَرِينَ

Кийин Биз аларды кыйратып жок кылган соң Луттун, Шуайбдын, Юнустун коомдору сыяктуу башка коомдорду жана үммөттөрдү пайда кылдык. info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• وجوب حمد الله على النعم.
Жакшылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылуунун милдеттиги. info

• الترف في الدنيا من أسباب الغفلة أو الاستكبار عن الحق.
Бул дүйнөдө ашкере барчылыкта, ысырапчылыкта жашоо – бейкапарчылыктын жана акыйкаттан баш тартып текеберленүүнүн себептеринен. info

• عاقبة الكافر الندامة والخسران.
Каапырдын акыбети өкүнүч жана кыйроо. info

• الظلم سبب في البعد عن رحمة الله.
Зулумдук Аллахтын ырайымынан алыстоонун себеби. info