ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
29 : 13

ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ طُوبَىٰ لَهُمۡ وَحُسۡنُ مَـَٔابٖ

Аллахка ыйман келтиргендер жана Аллахка жакындатуучу жакшы иш-аракеттерди кылгандарга акыретте жакшы жашоо бар. Андай адамдардын акыбети жакшы бейиш гана болот. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 13

كَذَٰلِكَ أَرۡسَلۡنَٰكَ فِيٓ أُمَّةٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهَآ أُمَمٞ لِّتَتۡلُوَاْ عَلَيۡهِمُ ٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ وَهُمۡ يَكۡفُرُونَ بِٱلرَّحۡمَٰنِۚ قُلۡ هُوَ رَبِّي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُ وَإِلَيۡهِ مَتَابِ

Оо, пайгамбар! Биз мурунку үммөттөрдүн элчилерине жөнөткөн китептердин окшошундай сенин үммөтүңө да жибердик. Биз сага түшүргөн куранды аларга окуп бер. Андыктан ал Куран сенин чынчыл экендигиңе жетиштүү далил. Бирок сенин коомуңдун абалы бул аяттарды четтке кагышты. Себеби алар ырайымдуу Аллахка башка нерсени шерик кылышып каапыр болушту. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Силер шерик кошкон ырайымдуу Аллах ал менин Раббим. Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Бардык иштеримде Ага гана таянам жана Ага гана тообо кыламын. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 13

وَلَوۡ أَنَّ قُرۡءَانٗا سُيِّرَتۡ بِهِ ٱلۡجِبَالُ أَوۡ قُطِّعَتۡ بِهِ ٱلۡأَرۡضُ أَوۡ كُلِّمَ بِهِ ٱلۡمَوۡتَىٰۗ بَل لِّلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ جَمِيعًاۗ أَفَلَمۡ يَاْيۡـَٔسِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَهَدَى ٱلنَّاسَ جَمِيعٗاۗ وَلَا يَزَالُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ تُصِيبُهُم بِمَا صَنَعُواْ قَارِعَةٌ أَوۡ تَحُلُّ قَرِيبٗا مِّن دَارِهِمۡ حَتَّىٰ يَأۡتِيَ وَعۡدُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُخۡلِفُ ٱلۡمِيعَادَ

Оо, пайгамбар! Эгер Аллахтан түшкөн китептердин бири кереметүү болуп, ошол керемет менен тоолор ордуларынан жылдырылса, жер жарылып дарыялар жана булактар ага турган болсо, ал кереметтүү китеп өлүктөргө окулганда тирилип кете турган болсо, анда ал керемет сага түшкөн Куранда болмок. Эгер алардын жүрөктөрүндө коркуу болгондо ал Куран өтө таасирдүү ачык далил болот эле. Бирок алар аны четке кагышты. Тактап айтканда, кереметтерди жана аят-белгилерди түшүрүү туурасындагы иштердин баары Аллахка гана таандык. Аллахка ыйман келтиргендер билишпейби?! Эгер Аллах адамдарды баарын туура жолго түшүрүүнү кааласа, анда Аллах аларга аят-белгилерин түшүрбөстөн туруп эле туура жолго салып коймок. Бирок Аллах андайды каалабады. Аллахка каапыр болгондорго капырлыктары жана күнөөлөрү себептүү оор кыйынчылыктар жетип турат. Ал балээлер Аллахтын токтоосуз түшүүчү азабынын убадасы келгенче, алардын турак жайларына жакын жерге түшөт. Чындыгында Аллах убада кылган нерсесин белгиленген убагы келгенде убадасын аткарбай койбойт. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 13

وَلَقَدِ ٱسۡتُهۡزِئَ بِرُسُلٖ مِّن قَبۡلِكَ فَأَمۡلَيۡتُ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ ثُمَّ أَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ عِقَابِ

Оо, пайгамбар! Сени коомуң шылдыңдап жалганга чыгарган эң биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурдагы үммөттөр да пайгамбарларын шылдыңдашкан. Өз пайгамбарларын шылдыңдаган каапырлар Мени: «Ал азаптабайт» - деп ойлошуп калганга чейин мөөнөт бердим. Мөөнөт бүткөндөн кийин аларды ар кандай азаптар менен азаптадым. Мен аларды азаптаганымды көргөнүңдө кандай болмок? Ал өтө катаал азап. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 13

أَفَمَنۡ هُوَ قَآئِمٌ عَلَىٰ كُلِّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡۗ وَجَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ قُلۡ سَمُّوهُمۡۚ أَمۡ تُنَبِّـُٔونَهُۥ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَم بِظَٰهِرٖ مِّنَ ٱلۡقَوۡلِۗ بَلۡ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ مَكۡرُهُمۡ وَصُدُّواْ عَنِ ٱلسَّبِيلِۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ

Бардык жаратылыштын ырыскыларын сактоону өз милдетине алган, бүткүл адамдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөчү жана кылган иштерине жараша жаза же сыйлык берген Зат сыйынылууга татыктуураакпы же таптакыр сыйынылууга татыбаган бул айкелдерби? Каапырлар буларды Аллахка зулумдук кылышып жана жалгандан шерик кылып жатышат. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: “Эгер айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор, силер Аллахка кошуп сыйынып жаткан кудайчаларыңардын аттарын атап бергилечи. Же эмне Аллахка силер жер жүзүндө Ал билбеген шериктер жөнүндө кабар берип жатасыңарбы? Же эч далилсиз үстүртөн айтылган бош сөздү Ага кабарлап жатасыңарбы?”. Жок! Шайтан каапырлардын жаман айлакерликтерин аларга кооздоп көрсөттү жана ушунун натыйжасында алар Аллахка каапыр болушту. Жана аларды хидаяттан жана туура жолдон тосуп койду. Кимди Аллах туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу эч ким жок. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 13

لَّهُمۡ عَذَابٞ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَشَقُّۖ وَمَا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن وَاقٖ

Алар үчүн дүйнө жашоосунда мусулмандар тарабынан өлтүрүлүү жана алардын колдоруна туткунга алынуу менен ишке аша турган азап бар. Ал эми акыретте аларды күткөн азап үзгүлтүксүз токтобогону менен дүйнөдөгү азаптан да катуураак жана өтө оор. Кыямат күнү аларды Аллахтын азабынан куткара турган эч ким болбойт. info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• أن الأصل في كل كتاب منزل أنه جاء للهداية، وليس لاستنزال الآيات، فذاك أمر لله تعالى يقدره متى شاء وكيف شاء.
Түшүрүлгөн ар бир китеп негизи туура жол үчүн келген. Аяттарынын түшүрүлүүсү талап кылынганы үчүн келген эмес. Бул да болсо Аллах таалага таандык буйругу. Аны качан жана кандай кааласа тагдыр кылат. info

• تسلية الله تعالى للنبي صلى الله عليه وسلم، وإحاطته علمًا أن ما يسلكه معه المشركون من طرق التكذيب، واجهه أنبياء سابقون.
Аллахтын пайгамбардын көңүлүн көтөрүүсү. Жана мушриктер пайгамбарды жалганга чыгарган ыкмаларга мурдагы пайгамбарлар да кабылышканын Аллахтын ага толук билдирүүсү. info

• يصل الشيطان في إضلال بعض العباد إلى أن يزين لهم ما يعملونه من المعاصي والإفساد.
Шайтан кээ бир адамдарды адаштырууда алардын кылып жаткан бузуку жана күнөө иштерин кооз кылып көрсөтүүгө чейин барат. info