ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐ ߟߎ߬ ߘߟߊߡߌߘߊ - ߟߊߘߛߏߣߍ߲" ߞߎ߬ߙߣߊ߬ ߞߟߊߒߞߋ ߞߘߐߦߌߘߊ ߘߐ߫ ߞߌߙߜߌߛߌ߲ ߘߐ߫

ߞߐߜߍ ߝߙߍߕߍ:close

external-link copy
19 : 13

۞ أَفَمَن يَعۡلَمُ أَنَّمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ ٱلۡحَقُّ كَمَنۡ هُوَ أَعۡمَىٰٓۚ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ

Оо, пайгамбар! Аллах сага түшүргөн нерсе Раббиңден экенин жана анда эч бир шеги жок акыйкат экенин билип, Аллахка моюн сунган ыймандуу адам менен Аллахка моюн сунбаган сокур каапыр адам тең эмес. Бул нерседен акылы тунук адамдар гана акыл-насаат алышат. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 13

ٱلَّذِينَ يُوفُونَ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ وَلَا يَنقُضُونَ ٱلۡمِيثَٰقَ

Аллахка баш ийгендер мына ошолор Ага берген убадаларын же Анын пенделерине берген убадаларын аткарышат. Алар Аллах менен болгон же Андан башкасы менен болгон бекем убадаларды бузушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 13

وَٱلَّذِينَ يَصِلُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيَخۡشَوۡنَ رَبَّهُمۡ وَيَخَافُونَ سُوٓءَ ٱلۡحِسَابِ

Алар Аллах үзбөгөнгө буйруган бардык туугандык мамилелерди бекемдешет жана Раббисинен коркушат. Ал коркуу – аларды Анын буйруктарын аткарууга жана Анын тыйган нерселеринен тыйылууга түртөт. Аллах алар кылган бардык күнөөлөрү себептүү аларды эсеп-кысап кылуусунан коркушат. Анткени кимге эсеп-кысап кылынса, анда ал кыйроого учурайт. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 13

وَٱلَّذِينَ صَبَرُواْ ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِمۡ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنفَقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ وَيَدۡرَءُونَ بِٱلۡحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عُقۡبَى ٱلدَّارِ

Алар Аллахка баш ийүүдө жана Аллах аларга тагдыр кылып берген жакшылык-жамандыкта сабыр кылгандар. Аллахтын ыраазылыгын көздөп күнөөдөн тыйылышкандар. Намазды толук аткарышкандар. Биз берген мал-мүлктөрдү милдеттүү болгон акыларга жумшагандар. Аларды ыктыярдуу түрдө жана жашыруун түрдө эл көрүүсүнөн сактанып беришкендер жана аларды көрүп башкалар да ээрчиш үчүн ачык түрдө бергендер. Аларга жамандык кылган адамдардын жамандыгына жакшылык менен жооп беришкендер. Ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдар үчүн Кыямат күнү мактоого татыктуу акыбет бар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 13

جَنَّٰتُ عَدۡنٖ يَدۡخُلُونَهَا وَمَن صَلَحَ مِنۡ ءَابَآئِهِمۡ وَأَزۡوَٰجِهِمۡ وَذُرِّيَّٰتِهِمۡۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَدۡخُلُونَ عَلَيۡهِم مِّن كُلِّ بَابٖ

Мактоого татыктуу акыбет – бул бейиштер. Анда адамдар түбөлүк жыргалчылыкта жашашат. Алардын бейиштеги толук жыргачылыктарынын бири – алар менен ага туура жолдо жүргөн аталары, энелери, жубайлары жана балдарынын кирүүсү. Бул нерсе аларга жолугууну каалагандыктары себептүү болот. Периштелер аларга бейиштеги жайларынын бардык эшиктеринен киришип аларды куттукташат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 13

سَلَٰمٌ عَلَيۡكُم بِمَا صَبَرۡتُمۡۚ فَنِعۡمَ عُقۡبَى ٱلدَّارِ

Аларга периштелер кирген сайын: «Силерге Аллахтын тынчтыгы болсун» - деп салам беришет. Тагыраак айтканда, Аллахка баш ийүүдө, Анын тагдырынын жамандыгына сабыр кылганыңар себептүү жана Ага күнөө кылуудан тыйылгандыгыңар себептүү апааттардан саламат болгула. Силердин акыбетиңер болгон Акырет үйү кандай жакшы! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 13

وَٱلَّذِينَ يَنقُضُونَ عَهۡدَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مِيثَٰقِهِۦ وَيَقۡطَعُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمُ ٱللَّعۡنَةُ وَلَهُمۡ سُوٓءُ ٱلدَّارِ

Аллахка берген убадаларын бекемдегенден кийин да убадаларын бузгандар жана Аллах буюруган тууганчылык карым-катышты үзгөндөр бактысыз адамдар. Алар Аллахтын ырайымынан куулгандар. Андай адамдардын акыбети жаман, ал - тозок. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 13

ٱللَّهُ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ وَفَرِحُواْ بِٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِلَّا مَتَٰعٞ

Аллах каалаган пенделерине ырыскысын кеңейтет жана каалаган пенделерине тарытат. Ырыскынын кеңдиги бактылуулуктун жана Аллахты жакшы көрүүсүнүн белгиси эмес. Ал эми ырыскынын тардыгы бактысыздыктын белгиси эмес. Каапырлар бул дүйнө жашоосуна кубанышып, ал жашоого катуу таянышып бейпил жашашты. Бирок бул дүйнө жашоосу акырет жашоосунун алдында бир аз гана арзыбаган жыргалчылык. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 13

وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ ءَايَةٞ مِّن رَّبِّهِۦۚ قُلۡ إِنَّ ٱللَّهَ يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِيٓ إِلَيۡهِ مَنۡ أَنَابَ

Аллахка жана Анын аяттарына каапыр болгондор мындай деп айтышты: «Эгер Мухаммадга Раббисинен чынчылдыгына далил болгон көрүнүктүү аят-белги түшүрүлгөндө биз ага ыйман келтирмекпиз». Оо, пайгамбар! Ал сунуш кылгандарга айткын: «Чындыгында Аллах адилеттүүлүгү менен каалаган адамды адаштырат. Жана Аллах пазилети менен тообо кылып кайткандарды туура жолго салат. Алар туура жолго түшүүнү аят-белгилердин түшүүсүнө байлашса да ал туура жолго баштоо алардын колунда эмес». info
التفاسير:

external-link copy
28 : 13

ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَطۡمَئِنُّ قُلُوبُهُم بِذِكۡرِ ٱللَّهِۗ أَلَا بِذِكۡرِ ٱللَّهِ تَطۡمَئِنُّ ٱلۡقُلُوبُ

Аллах туура жолго баштаган адамдар – алар Аллахка ыйман келтирип, Аллахты аруулап, мактап, Куранды окуп жана угуп зикр кылганда жүрөктөрү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула! Жалгыз Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат. Аллах жүрөктү ушул үчүн жараткан. info
التفاسير:
ߟߝߊߙߌ ߟߎ߫ ߢߊ߬ߕߣߐ ߘߏ߫ ߞߐߜߍ ߣߌ߲߬ ߞߊ߲߬:
• الترغيب في جملة من فضائل الأخلاق الموجبة للجنة، ومنها: حسن الصلة، وخشية الله تعالى، والوفاء بالعهود، والصبر والإنفاق، ومقابلة السيئة بالحسنة والتحذير من ضدها.
Бул аяттарда бейишке милдеттүү түрдө киргизүүчү адеп-ахлактардын артыкчылыгына кызыктыруу бар. Ал адеп-ахлактар: тууганчылык байланышты бекемдөө, Аллахтан коркуу, убаданы аткаруу, сабырдуулук, садака кылууу, жамандыкты жакшылыктарга алмаштыруу жана жакшылыктарды жамандыктарга алмаштыруудан сактануу. info

• أن مقاليد الرزق بيد الله سبحانه وتعالى، وأن توسعة الله تعالى أو تضييقه في رزق عبدٍ ما لا ينبغي أن يكون موجبًا لفرح أو حزن، فهو ليس دليلًا على رضا الله أو سخطه على ذلك العبد.
Ырыскыларга ээлик кылуу Аллахтын колунда. Кандай гана пенде болбосун, Аллах анын ырыскысын кеңейтип же тарытып койгон болсо, анда ал нерселерге кубанып же кайгырбашы керек. Ошондуктан ал нерселер Аллахтын ал пендеге ыраазы болгондугуна же ачуулангандыгына далил болбойт. info

• أن الهداية ليست بالضرورة مربوطة بإنزال الآيات والمعجزات التي اقترح المشركون إظهارها.
Чындыгында туура жолго баштоо аят-белгилердин түшүүсүнө жана мушриктер суранган кереметтерге байланышы жок. info

• من آثار القرآن على العبد المؤمن أنه يورثه طمأنينة في القلب.
Куран окуунун ыймандуу пендеге тийгизген таасири ал жүрөктү тынчтандырат. info