पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
52 : 15

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗا قَالَ إِنَّا مِنكُمۡ وَجِلُونَ

Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 15

قَالُواْ لَا تَوۡجَلۡ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ

«Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз».[1] info

[1] Периштелер кабарын берген бул “илимдүү бала” Исхак болчу.

التفاسير:

external-link copy
54 : 15

قَالَ أَبَشَّرۡتُمُونِي عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِيَ ٱلۡكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ

(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?” info
التفاسير:

external-link copy
55 : 15

قَالُواْ بَشَّرۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡقَٰنِطِينَ

«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 15

قَالَ وَمَن يَقۡنَطُ مِن رَّحۡمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ

(Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 15

قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ

(Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?» info
التفاسير:

external-link copy
58 : 15

قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ

Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 15

إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз. info
التفاسير:

external-link copy
60 : 15

إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ قَدَّرۡنَآ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ

Аялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык». info
التفاسير:

external-link copy
61 : 15

فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلُونَ

Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде, info
التفاسير:

external-link copy
62 : 15

قَالَ إِنَّكُمۡ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ

Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди. info
التفاسير:

external-link copy
63 : 15

قَالُواْ بَلۡ جِئۡنَٰكَ بِمَا كَانُواْ فِيهِ يَمۡتَرُونَ

(Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 15

وَأَتَيۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ

Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 15

فَأَسۡرِ بِأَهۡلِكَ بِقِطۡعٖ مِّنَ ٱلَّيۡلِ وَٱتَّبِعۡ أَدۡبَٰرَهُمۡ وَلَا يَلۡتَفِتۡ مِنكُمۡ أَحَدٞ وَٱمۡضُواْ حَيۡثُ تُؤۡمَرُونَ

Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле». info
التفاسير:

external-link copy
66 : 15

وَقَضَيۡنَآ إِلَيۡهِ ذَٰلِكَ ٱلۡأَمۡرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰٓؤُلَآءِ مَقۡطُوعٞ مُّصۡبِحِينَ

Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»[1] жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык. info

[1] «Куйругу кыркылат» деген сөз алардан эч укум-тукум калбай, бардыгы кыйрайт деген мааниде.

التفاسير:

external-link copy
67 : 15

وَجَآءَ أَهۡلُ ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡتَبۡشِرُونَ

Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти.[1] info

[1] Себеби, алар бачабаз адамдар эле. Луттун үйүнө эки сулуу жигит келди деген кабарды Луттун ыймансыз аялынан укканда, ошол эки “сулуу жигиттин” ышкысында жарышып келип, көздөрү кызарып турушту.

التفاسير:

external-link copy
68 : 15

قَالَ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ ضَيۡفِي فَلَا تَفۡضَحُونِ

(Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла! info
التفاسير:

external-link copy
69 : 15

وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُخۡزُونِ

Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 15

قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ نَنۡهَكَ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ

(Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»[1] info

[1] “Ааламдын ар жагынан келген адамдарды үйүңө жашырбай жүр” дебедик беле”

التفاسير: