Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Kilniojo Korano reikšmių vertimas į kirgizų k.

Буруж

Sūros prasmės:
بيان قوة الله وإحاطته الشاملة، ونصرته لأوليائه، والبطش بأعدائه.
Досторуна жардам берүүгө, коргоого жана душмандарын жок кылууга Аллах Тааланын кудуреттүү экенин баяндаган. info

external-link copy
1 : 85

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡبُرُوجِ

Аллах Күн менен Айдын жана башка нерселердин абалдарын өзүнө камтыган асман менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 85

وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡمَوۡعُودِ

Жана бүткүл макулуктарды чогултууну убада кылган кыямат күнү менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 85

وَشَاهِدٖ وَمَشۡهُودٖ

Үммөтүнө күбө болгон пайгамбар жана пайгамбарына күбө болгон үммөт сыяктуу күбөлөр менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 85

قُتِلَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأُخۡدُودِ

Аябагандай чоң чуңкур казгандарга каргыш болсун! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 85

ٱلنَّارِ ذَاتِ ٱلۡوَقُودِ

Алар ага от жагышты жана ыймандууларды ага тирүүлөй ыргытышты. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 85

إِذۡ هُمۡ عَلَيۡهَا قُعُودٞ

Ошол кезде алар отко толгон ал чуңкурдун жээгинде олтурушту. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 85

وَهُمۡ عَلَىٰ مَا يَفۡعَلُونَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ شُهُودٞ

Алар ал жерге келишкени себептүү ыймандууларга карата кылышкан азаптоого жана кыйноого күбө болушту. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 85

وَمَا نَقَمُواْ مِنۡهُمۡ إِلَّآ أَن يُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ

Ал каапырлардын ыймандууларга таккан бир гана айыбы – алар эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, бүткүл нерседе Макталуучу Аллахка ыйман келтиришкен болчу. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 85

ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ

Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Ал баарын Билүүчү. Пенделердин эч бир иши Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 85

إِنَّ ٱلَّذِينَ فَتَنُواْ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ لَمۡ يَتُوبُواْ فَلَهُمۡ عَذَابُ جَهَنَّمَ وَلَهُمۡ عَذَابُ ٱلۡحَرِيقِ

Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жалгыз Аллахка ыйман келтирүүдөн буруу үчүн от менен азапташып, кийин ал күнөөлөрү үчүн Аллахка тообо кылбагандарга кыямат күнү тозок азабы бар. Жана алар ыймандууларды от менен өрттөшкөнүнүн жазасы катары аларды да күйгүзүүчү от азабы бар. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 85

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡكَبِيرُ

Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга даярдалган бул сыйлык – эч бир жеңиш тең келбегендей улуу жеңиш. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 85

إِنَّ بَطۡشَ رَبِّكَ لَشَدِيدٌ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин залымга мөөнөт бергенден кийин аны кармашы аябай күчтүү болот. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 85

إِنَّهُۥ هُوَ يُبۡدِئُ وَيُعِيدُ

Ал Өзү башында макулуктарды жана азапты жаратат, кийин ал экөөсүн кайрадан жаратат. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 85

وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلۡوَدُودُ

Ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү жана Ал такыбалардан болгон сүйүктүүлөрүн жакшы көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 85

ذُو ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡمَجِيدُ

Улуу Арштын Ээси. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 85

فَعَّالٞ لِّمَا يُرِيدُ

Ал Өзү каалагандын күнөөлөрүн кечирип, каалаганын жазалоо менен Өз каалоосун ишке ашыруучу. Аны эч ким мажбурбай албайт. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 85

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡجُنُودِ

Оо, пайгамбар! Сага чындык менен күрөшүп, ага жол бербеш үчүн жоого аттанган жоокерлердин кабары келбиди? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 85

فِرۡعَوۡنَ وَثَمُودَ

Фараон жана Салихтин коому Самуд тууралуу. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 85

بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي تَكۡذِيبٖ

Булардын ыйман келтирүүсүнө тоскоол болгон нерсе, аларга жалганчы коомдордун жана алардын кыйроосунун арты эмне болгондугу тууралуу кабар келбегендиктен эмес, тескерисинче, алар өздөрүнүн каалоолорун ээрчип, пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 85

وَٱللَّهُ مِن وَرَآئِهِم مُّحِيطُۢ

Аллах алардын иш-аракеттерин эсепке алып камтып турат. Алардын эч бир нерсесин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 85

بَلۡ هُوَ قُرۡءَانٞ مَّجِيدٞ

Куран жалганчылар айткан сыяктуу поэзия эмес, уйкашкан ыр саптары эмес. Ал – ыйык Куран. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 85

فِي لَوۡحٖ مَّحۡفُوظِۭ

Өзгөртүүдөн, бурмалоодон, кошуудан жана кемитүүдөн сакталган Тактада (Лаухуль Махфузда). info
التفاسير:
Šiame puslapyje pateiktų ajų nauda:
• يكون ابتلاء المؤمن على قدر إيمانه.
Ыймандуунун сыноосу анын ыйманына жараша болот. info

• إيثار سلامة الإيمان على سلامة الأبدان من علامات النجاة يوم القيامة.
Дененин саламаттыгынан да ыймандын саламаттыгын артык көрүү – кыямат күнү кутулуунун белгилеринен. info

• التوبة بشروطها تهدم ما قبلها.
Шарттары менен аткарылган тообо өзүнөн мурунку нерселерди жок кылат. info