Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Kilniojo Korano reikšmių vertimas į kirgizų k.

Ахзаб

Sūros prasmės:
بيان عناية الله بنبيه صلى الله عليه وسلم، وحماية جنابه وأهل بيته.
Өзүнүн пайгамбарына болгон Аллахтын камкордугу, аны жана анын үй-бүлөсүн коргоосу баян кылынган. info

external-link copy
1 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Оо, пайгамбар! Сен жана сени менен бирге болгондор Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап такыбалыкка бекем болгула жана жалгыз Андан корккула! Жана каапырлар менен эки жүздүүлөргө алардын напсилери каалаган нерседе баш ийбегиле! Чындыгында Аллах каапырлар менен эки жүздүүлөрдүн айла-амалдарын Билүүчү, Өзүнүн жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 33

وَٱتَّبِعۡ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا

Раббиң сага түшүргөн вахийди ээрчи! Чындыгында Аллах силердин кылган иш-аракеттериңерден Кабардар. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында Ал силерге кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 33

وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا

Жана бардык иштериңде жалгыз Аллахка гана тобокел кыл! Пенделеринен Ага тобокел кылгандарга Аллах Өзү жетиштүү коргоочу. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 33

مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٖ مِّن قَلۡبَيۡنِ فِي جَوۡفِهِۦۚ وَمَا جَعَلَ أَزۡوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔي تُظَٰهِرُونَ مِنۡهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمۡۚ وَمَا جَعَلَ أَدۡعِيَآءَكُمۡ أَبۡنَآءَكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ قَوۡلُكُم بِأَفۡوَٰهِكُمۡۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلۡحَقَّ وَهُوَ يَهۡدِي ٱلسَّبِيلَ

Аллах Таала бир адамдын көкүрөгүнө эки жүрөктү батырган эмес. Ошондой эле, тыйылчу иштерде аялдарды энелердин ордуна койгон эмес. Бакма балдарды да бел суунан жаралган өз балдарындай кылган эмес. Зихар кылуу (энеси же эже-карындаштары сыяктуу аялын өзүнө арам кылуусу) жана бакма баланы өз баласындай тегине өткөрүп алуу — Ислам дини жокко чыгарган, эски караңгы доордун үрп-адаттарынан. Мына ошол зихар кылуу жана бакма баланы өзүнүн баласындай ата-тегине таандык кылып алуу — бул, эч кандай чындыгы жок курулай сөздөр. Аялы эч качан энесиндей болбойт, бакма баласы да өз баласы болуп калбайт. Аллах Таала пенделери аткарсын үчүн акыйкатты айтат жана туура жолго багыттайт. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 33

ٱدۡعُوهُمۡ لِأٓبَآئِهِمۡ هُوَ أَقۡسَطُ عِندَ ٱللَّهِۚ فَإِن لَّمۡ تَعۡلَمُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمۡۚ وَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٞ فِيمَآ أَخۡطَأۡتُم بِهِۦ وَلَٰكِن مَّا تَعَمَّدَتۡ قُلُوبُكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمًا

Силер балам деп ойлогон бакма балдарыңарды өз аталарынын аттары менен чакыргыла. Аларды өз аталарына таандык кылуу Аллахтын алдында адилеттик. Эгер алардын өз аталарын билбесеңер, анда алар силердин диндеш бир туугандарыңар жана мүмкүн кулчулуктан аларды куткарган кишилериңер. Аларды «оо, ага же ини» же «оо, абамдын баласы» деп чакыргыла. Эгер билбестен өгөй атасынын аты менен чакырып алсаңар күнөөкөр болбойсуңар. Бирок муну билип туруп айтсаңар күнөө аласыңар. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларды катачылык себептүү жазалабаган Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 33

ٱلنَّبِيُّ أَوۡلَىٰ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَأَزۡوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمۡۗ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفۡعَلُوٓاْ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِكُم مَّعۡرُوفٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا

Мухаммад пайгамбар момундарды кайсы нерсеге чакырбасын, алардын көңүлү башкага тартып турса да пайгамбар алар үчүн өз жандарынан да артык болуш керек. Ал эми анын аялдары жалпы мусулмандардын энелери. Андыктан пайгамбар өлгөндөн кийин мусулмандар үчүн анын аялдарына үйлөнүү арам. Аллахтын өкүмү боюнча ыймандуулар менен Аллах жолунда көчкөндөргө караганда туугандык катышы барлар бири-биринен мурас алууда акысы жогору. Алар Исламдын баштапкы учурунда бири-биринен мурас алышчу. Бирок кийин көп өтпөй алардын бири-биринен мурас алуу өкүмү жокко чыгарылган. Эй, ыймандуулар! Бирок силерге мураскер болбогон жакын досторуңарга мурас осуят кылсаңар же жакшылык кылсаңар уруксат. Мына ушул өкүм “Сакталынган (тагдыр) Тактада” жазылган. Андыктан аны аткаруу милдет. info
التفاسير:
Šiame puslapyje pateiktų ajų nauda:
• لا أحد أكبر من أن يُؤْمر بالمعروف ويُنْهى عن المنكر.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйган адамдан жогору турган эч ким жок. info

• رفع المؤاخذة بالخطأ عن هذه الأمة.
Бул үммөттө катачылык кетиргенге жаза берилбейт. info

• وجوب تقديم مراد النبي صلى الله عليه وسلم على مراد الأنفس.
Пайгамбардын каалоосу башка адамдардын каалоосунан жогору турушу милдет. info

• بيان علو مكانة أزواج النبي صلى الله عليه وسلم، وحرمة نكاحهنَّ من بعده؛ لأنهن أمهات للمؤمنين.
Пайгамбардын аялдарынын орду бийик экендигин жана андан кийин аларга үйлөнүү арам экендигин баяндоо. Анткени алар мусулмандардын энелери болуп эсептелет. info