Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Vertimas į kirgizų k. - Šams Ad-Din Hakimov

Puslapio numeris:close

external-link copy
36 : 50

وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هُمۡ أَشَدُّ مِنۡهُم بَطۡشٗا فَنَقَّبُواْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ هَلۡ مِن مَّحِيصٍ

Биз алардан (Мекке мушриктеринен) мурун нечен-нечен (каапыр) муундарды кыйратканбыз. Алар булардан кубаттуураак болчу. (Балээ келгенде) шаарларда тыркырап, (качканы жай таппай калышты). (Аллахтын азабынан) кача турган жер бар бекен?! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 50

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكۡرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلۡبٌ أَوۡ أَلۡقَى ٱلسَّمۡعَ وَهُوَ شَهِيدٞ

Албетте, бул нерседе (соо) жүрөктүү же болбосо сергек абалда кулак салган адамдар үчүн сабактар бар. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 50

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ وَمَا مَسَّنَا مِن لُّغُوبٖ

Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 50

فَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ قَبۡلَ طُلُوعِ ٱلشَّمۡسِ وَقَبۡلَ ٱلۡغُرُوبِ

Алардын сөздөрүнө сабырдуу бол! Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт! info
التفاسير:

external-link copy
40 : 50

وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَسَبِّحۡهُ وَأَدۡبَٰرَ ٱلسُّجُودِ

Дагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан Ага тасбих айт! info
التفاسير:

external-link copy
41 : 50

وَٱسۡتَمِعۡ يَوۡمَ يُنَادِ ٱلۡمُنَادِ مِن مَّكَانٖ قَرِيبٖ

Жакын жерден бир жарчы (Исрафил периште Сур кернейи менен ) жар чакырган Күнү ага кулак сал! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 50

يَوۡمَ يَسۡمَعُونَ ٱلصَّيۡحَةَ بِٱلۡحَقِّۚ ذَٰلِكَ يَوۡمُ ٱلۡخُرُوجِ

Ал Күнү (бардык калайык-калк) акыйкат айкырыкты угат. Бул – (мүрзөдөн тирилип) чыгуу Күнү. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 50

إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِۦ وَنُمِيتُ وَإِلَيۡنَا ٱلۡمَصِيرُ

Чынында (инсаниятка) Биз жашоо бергенбиз жана Өзүбүз жанын алабыз. Жана кайтуу - Өзүбүзгө! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 50

يَوۡمَ تَشَقَّقُ ٱلۡأَرۡضُ عَنۡهُمۡ سِرَاعٗاۚ ذَٰلِكَ حَشۡرٌ عَلَيۡنَا يَسِيرٞ

«Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил». info
التفاسير:

external-link copy
45 : 50

نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَقُولُونَۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِجَبَّارٖۖ فَذَكِّرۡ بِٱلۡقُرۡءَانِ مَن يَخَافُ وَعِيدِ

Алардын эмне деп жатканын Биз эң жакшы билебиз. Сен аларды мажбурлоочу эмессиң.[1] Эми сен Менин коркунучтуу убадаларымдан корккон адамдарды Куран менен эскерт! info

[1] Сен болгону бир эскертүүчү пайгамбарсың.

التفاسير: