Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Vertimas į kirgizų k. - Šams Ad-Din Hakimov

Puslapio numeris:close

external-link copy
31 : 33

۞ وَمَن يَقۡنُتۡ مِنكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا نُّؤۡتِهَآ أَجۡرَهَا مَرَّتَيۡنِ وَأَعۡتَدۡنَا لَهَا رِزۡقٗا كَرِيمٗا

Силердин араңардан кимде-ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунуп жакшылык иштерди кылса, ага сооп-сыйлыгын эки эсе беребиз жана ага улуу ырыскы (бейиш) даярдап койобуз. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 33

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ لَسۡتُنَّ كَأَحَدٖ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِنِ ٱتَّقَيۡتُنَّۚ فَلَا تَخۡضَعۡنَ بِٱلۡقَوۡلِ فَيَطۡمَعَ ٱلَّذِي فِي قَلۡبِهِۦ مَرَضٞ وَقُلۡنَ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا

Оо, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө оорусу бар адам (бузукулукту) эңсеп калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 33

وَقَرۡنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجۡنَ تَبَرُّجَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ ٱلۡأُولَىٰۖ وَأَقِمۡنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذۡهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجۡسَ أَهۡلَ ٱلۡبَيۡتِ وَيُطَهِّرَكُمۡ تَطۡهِيرٗا

Жана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! (Исламдан) алдыңкы доордогудай ачык жүрбөгүлө![1] Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, оо, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллах силерден зыян, жамандыктарды кетирүүнү жана тап-таза сактоону каалайт. info

[1] Исламга чейинки доордогу аялдар көкүрөк-баштарын ачып, бойонуп жасанышат болчу.

التفاسير:

external-link copy
34 : 33

وَٱذۡكُرۡنَ مَا يُتۡلَىٰ فِي بُيُوتِكُنَّ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱلۡحِكۡمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا

Өз үйүңөрдө окулган Аллахтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн эскергиле (кадырын билип, иш жүзүндө аткаргыла). Аллах бардыгын Билүүчү, Кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 33

إِنَّ ٱلۡمُسۡلِمِينَ وَٱلۡمُسۡلِمَٰتِ وَٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلۡخَٰشِعِينَ وَٱلۡخَٰشِعَٰتِ وَٱلۡمُتَصَدِّقِينَ وَٱلۡمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلۡحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمۡ وَٱلۡحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمٗا

Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, Аллахтан корккон, кичипейил эркектер менен аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду. info
التفاسير: