Kilniojo Korano reikšmių vertimas - Vertimas į kirgizų k. - Šams Ad-Din Hakimov

Puslapio numeris:close

external-link copy
71 : 28

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمُ ٱلَّيۡلَ سَرۡمَدًا إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِضِيَآءٍۚ أَفَلَا تَسۡمَعُونَ

Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллах силердин үстүңөрдө түндү кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» силерге жарыкты алып келе алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!» info
التفاسير:

external-link copy
72 : 28

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمُ ٱلنَّهَارَ سَرۡمَدًا إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِلَيۡلٖ تَسۡكُنُونَ فِيهِۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ

Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллах үстүңөрдөгү күндүздү тээ кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! (Бул кереметтерди) көрбөй жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
73 : 28

وَمِن رَّحۡمَتِهِۦ جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн жакшылыгынан издешиңер үчүн түн менен күндүздү жаратып койгону Аллахтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар! info
التفاسير:

external-link copy
74 : 28

وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ فَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ

Жана ошол күнү (Аллах) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?» – дейт. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 28

وَنَزَعۡنَا مِن كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدٗا فَقُلۡنَا هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ فَعَلِمُوٓاْ أَنَّ ٱلۡحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ

Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.[1] Анан алар акыйкат (кудайлык) Аллахка гана таандык экенин анык билишет. Өздөрү ойлоп тапкан (кудайлары) жок болуп кетет. info

[1] Аларга «Аллахтан башка, өзүңөр кудай деп ишенген, сыйынган, алардан жардам, перзент, жардам, жакшылык сураган жана өзүңөр менен Аллахтын арасына ортомчу кылган «кудайыңардын» чыныгы кудай экенине далил алып келгиле» деп айтылат.

التفاسير:

external-link copy
76 : 28

۞ إِنَّ قَٰرُونَ كَانَ مِن قَوۡمِ مُوسَىٰ فَبَغَىٰ عَلَيۡهِمۡۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡكُنُوزِ مَآ إِنَّ مَفَاتِحَهُۥ لَتَنُوٓأُ بِٱلۡعُصۡبَةِ أُوْلِي ٱلۡقُوَّةِ إِذۡ قَالَ لَهُۥ قَوۡمُهُۥ لَا تَفۡرَحۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡفَرِحِينَ

Чынында, Карун[1] Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллах (текеберленип), оолуккандарды сүйбөйт!» info

[1] Карун Муса алейхис саламдын коомунан болгон бай киши. Ал дүйнө байлыгына манчыркап, оолугуп, Аллахты унутканда Аллах таала ага аянычтуу азап жиберген.

التفاسير:

external-link copy
77 : 28

وَٱبۡتَغِ فِيمَآ ءَاتَىٰكَ ٱللَّهُ ٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَۖ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ ٱلدُّنۡيَاۖ وَأَحۡسِن كَمَآ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَۖ وَلَا تَبۡغِ ٱلۡفَسَادَ فِي ٱلۡأَرۡضِۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

«Аллах сага берген байлык менен акырет конушун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага жакшылык кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) жакшылык кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»[1] info

[1] Бул аят исламдын байлык-мүлккө болгон көз карашын чагылдырат. Байлык - бул Аллахтын мүлкү. Демек, эң оболу адам байлыгын Дин жолуна, анын өнүгүп-өсүүсүнө жумшаш керек. Бирок, дүйнөдөн өз насибин унутпай, жакшы жеп-ичип, кооз кийинип жүрсө күнөө жок. Байлыкты эч качан бузукулук жолуна иштетпеш керек. «Аллах бузукуларды сүйбөйт!» Бай адамдар Карун сыяктуу «бул байлыкты Өзүмдүн кыйындыгыман тапкам» деп мактанбасын.

التفاسير: