وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز

ژمارەی پەڕە:close

external-link copy
103 : 37

فَلَمَّآ أَسۡلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلۡجَبِينِ

Качан ал экөөсү Аллахка моюн сунган кезде Ибрахим баласын курмандыкка чалуу тууралуу буйрукту аткарыш үчүн аны бешенесинин капталына жаткырды. info
التفاسير:

external-link copy
104 : 37

وَنَٰدَيۡنَٰهُ أَن يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ

Ибрахим баласын курмандыкка чал деген Аллахтын буйругун аткарууга киришкенде Биз: «Оо, Ибрахим!» – деп чакырык салдык. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 37

قَدۡ صَدَّقۡتَ ٱلرُّءۡيَآۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Сен балаңды курмандыкка чалуу тууралуу көргөн түшүндү экиленбестен аткардың. Чындыгында Биз сени бул чоң сыноодон куткарып сыйлаганыбыз сыяктуу жакшылык кылган адамдарды да сыноолордон жана кыйынчылыктардан куткарабыз. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 37

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡبَلَٰٓؤُاْ ٱلۡمُبِينُ

Акыйкатта бул анык сыноо болчу. Ибрахим андан ийгиликтүү өттү. info
التفاسير:

external-link copy
107 : 37

وَفَدَيۡنَٰهُ بِذِبۡحٍ عَظِيمٖ

Биз Исмаилдин ордуна курмандыкка чалыш үчүн чоң кочкорду тартуу кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 37

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Жана келечек муундарга Ибрахим тууралуу алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 37

سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ

Аллахтан ага дубай салам жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун! info
التفاسير:

external-link copy
110 : 37

كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Биз Ибрахимге моюн сунганы үчүн ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды тартуулайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
111 : 37

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Чындыгында Ибрахим Аллахка кулчулук кылуунун талаптарын аткарган ыймандуу пенделерибизден эле. info
التفاسير:

external-link copy
112 : 37

وَبَشَّرۡنَٰهُ بِإِسۡحَٰقَ نَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Жана ал Аллахка моюн сунуп жалгыз баласы Исмаилди курмандыкка чалгандыгынын сыйлыгы катары Биз ага пайгамбар жана такыба пенде боло турган Исхак аттуу балалуу болорун сүйүнчүлөдүк. info
التفاسير:

external-link copy
113 : 37

وَبَٰرَكۡنَا عَلَيۡهِ وَعَلَىٰٓ إِسۡحَٰقَۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحۡسِنٞ وَظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ مُبِينٞ

Биз ага жана баласы Исхакка Өзүбүз тараптан береке түшүрдүк жана аларга көп жакшылыктарды бердик. Ал жакшылыктардан – алардын балдарынын көп болуусу. Алардын урпактарынын ичинде Раббисине моюн сунуп жакшылык кылгандары бар жана ошондой эле каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары да бар. info
التفاسير:

external-link copy
114 : 37

وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ

Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга пайгамбарлык бердик. info
التفاسير:

external-link copy
115 : 37

وَنَجَّيۡنَٰهُمَا وَقَوۡمَهُمَا مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ

Биз аларды жана алардын коому Исраил урпактарын Фараондун кулчулугунан жана сууга чөгүүдөн сактадык. info
التفاسير:

external-link copy
116 : 37

وَنَصَرۡنَٰهُمۡ فَكَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ

Биз аларды Фараонго жана анын аскерине каршы колдодук. Душмандын үстүнөн жеңишке жетүү алар тарапта болду. info
التفاسير:

external-link copy
117 : 37

وَءَاتَيۡنَٰهُمَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلۡمُسۡتَبِينَ

Жана Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга Аллах тараптан ачык-айкын Тоорат китебин бердик. info
التفاسير:

external-link copy
118 : 37

وَهَدَيۡنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ

Аларды эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салдык. Ал -– Жаратуучунун ыраазылыгына жеткирген Ислам дининин жолу. info
التفاسير:

external-link copy
119 : 37

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِمَا فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

Жана алар тууралуу келечек муунга алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык. info
التفاسير:

external-link copy
120 : 37

سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ

Аллахтан ал экөөсүнө дубай салам, алкыш-мактоолор жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун! info
التفاسير:

external-link copy
121 : 37

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Чындыгында Биз Муса менен Харунга ушундай ардактуу сыйлыкты бергенибиз сыяктуу Раббисине моюн сунуп жакшылыктарды кылгандарга да сыйлыктарды беребиз. info
التفاسير:

external-link copy
122 : 37

إِنَّهُمَا مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Чындыгында Муса менен Харун Аллахтын шариятын аткарган ыймандуу пенделерибизден болчу. info
التفاسير:

external-link copy
123 : 37

وَإِنَّ إِلۡيَاسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Ошондой эле Илияс дагы Раббиси тараптан жиберилген элчилерибизден эле. Аллах ага пайгамбарчылыкты жана элчиликти тартуу кылды. info
التفاسير:

external-link copy
124 : 37

إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ

Бир кезде ал жиберилген Исраил урпактарына мындай деди: «Оо, элим! Аллахтын жалгыз Ага гана сыйынуу сыяктуу өкүм-буйруктарын аткарып, ширк сыяктуу тыюуларын таштап Андан коркпойсуңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
125 : 37

أَتَدۡعُونَ بَعۡلٗا وَتَذَرُونَ أَحۡسَنَ ٱلۡخَٰلِقِينَ

Аллахтан башка кудайыңар Баалга сыйынып, эң мыкты Жаратуучу Аллахка сыйынууну таштап коёсуңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
126 : 37

ٱللَّهَ رَبَّكُمۡ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ

Аллах силерди жана силерден мурунку ата-бабаларыңарды жараткан Раббиңер. Андан башка пайда да, зыян да бербеген айкелдер эмес, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. info
التفاسير:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• قوله: ﴿فَلَمَّآ أَسْلَمَا﴾ دليل على أن إبراهيم وإسماعيل عليهما السلام كانا في غاية التسليم لأمر الله تعالى.
«Качан ал экөөсү моюн сунушканда» деген сөз – Ибрахим менен Исмаилдин Аллахтын буйругуна толук моюн сунгандарына далил болот. info

• من مقاصد الشرع تحرير العباد من عبودية البشر.
Адамдарды адамга сыйынуудан бошотуу – шарияттын түпкү максаттарынан. info

• الثناء الحسن والذكر الطيب من النعيم المعجل في الدنيا.
Алкыш-мактоолордун жана жакшы сөздөрдүн айтылуусу – бул дүйнөдө алдын ала берилген жакшылыктардан. info