وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز

ژمارەی پەڕە:close

external-link copy
142 : 2

۞ سَيَقُولُ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَ ٱلنَّاسِ مَا وَلَّىٰهُمۡ عَن قِبۡلَتِهِمُ ٱلَّتِي كَانُواْ عَلَيۡهَاۚ قُل لِّلَّهِ ٱلۡمَشۡرِقُ وَٱلۡمَغۡرِبُۚ يَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Жөөттөрдүн сабатсыздары, жеңил ойлуулары жана ошолорго окшогон эки жүздүүлөр: «Мусулмандарды мурда кыбыласы болгон Акса мечитинен эмне бурду?» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып айт: «Чыгыш менен батыштын жана алардан башка тараптардын мүлкү Аллахка гана таандык. Ал пенделеринен кимди кааласа, Өзү каалаган тарапка багыттайт. Жана Ал пенделеринен кимди кааласа, аны эч кандай бурмалануусу жана кыйшаюусу жок түз жолго салат. info
التفاسير:

external-link copy
143 : 2

وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَٰكُمۡ أُمَّةٗ وَسَطٗا لِّتَكُونُواْ شُهَدَآءَ عَلَى ٱلنَّاسِ وَيَكُونَ ٱلرَّسُولُ عَلَيۡكُمۡ شَهِيدٗاۗ وَمَا جَعَلۡنَا ٱلۡقِبۡلَةَ ٱلَّتِي كُنتَ عَلَيۡهَآ إِلَّا لِنَعۡلَمَ مَن يَتَّبِعُ ٱلرَّسُولَ مِمَّن يَنقَلِبُ عَلَىٰ عَقِبَيۡهِۚ وَإِن كَانَتۡ لَكَبِيرَةً إِلَّا عَلَى ٱلَّذِينَ هَدَى ٱللَّهُۗ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُضِيعَ إِيمَٰنَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِٱلنَّاسِ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ

Силер кыяматта пайгамбарлар өз үммөттөрүнө Аллахтын буйругун жеткиргендерине күбө болушуңар үчүн, ошондой эле Мухаммад пайгамбар дагы ага жиберилген нерсени силерге жеткиргендигине күбө болушуңар үчүн силерге Өзүбүз ыраа көргөн кыбыланы кылган сыяктуу, силерди бардык үммөттөрдүн арасынан ишенимдерде, ибадаттарда жана өз ара мамилелерде ортолукту карманган эң жакшы үммөт кылдык. Биз ким Аллахтын шариятына ыраазы болуп, Ага баш ийип, пайгамбарды ээрчийт экенин жана ким өз дининен баш тартып, напси каалоосун ээрчип, Аллах шарият кылган нерсеге моюн сунбай кетерин анык билип жана ага ылайык жазасын бериш үчүн сен мурда жүздөнүп жүргөн кыбыланы (Акса мечитин) өзгөрттүк. Биринчи кыбыланын өзгөрүүсү Аллах Өзүнө жана пенделерине шарият кылган нерселерге ыйман келтирүүгө ийгилик бергендерден башкаларына оор иш болгон. Чындыгында Ал аны улуу даанышман сырлар себептүү гана шариятка киргизет. Аллах силердин Ага болгон ыйманыңарды, анын ичинде кыбыла өзгөргөнгө чейинки окуган намаздарыңарды текке кетирбейт. Чындыгында Аллах адамдарга Боорукер, Мээримдүү. Ал аларга кыйынчылык жаратпайт жана иш-аракеттеринин соопторун да жок кылбайт. info
التفاسير:

external-link copy
144 : 2

قَدۡ نَرَىٰ تَقَلُّبَ وَجۡهِكَ فِي ٱلسَّمَآءِۖ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبۡلَةٗ تَرۡضَىٰهَاۚ فَوَلِّ وَجۡهَكَ شَطۡرَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۚ وَحَيۡثُ مَا كُنتُمۡ فَوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ شَطۡرَهُۥۗ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ لَيَعۡلَمُونَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّهِمۡۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا يَعۡمَلُونَ

Оо, пайгамбар! Сен кыбыланын өзүңө жаккан тарапка өзгөрүшүн каалап, ал тууралуу вахийдин түшүүсүн күткөндөй, асман тарапка жүзүңдү бурганыңды жана назар салганыңды көрдүк. Эми Биз Акса мечитинин ордуна сен ыраазы болуп, жакшы көргөн кыбылага (Аллахтын ыйык Үйүнө) жүзүңдү бурабыз. Андыктан жүзүңдү ыйык Меккедеги Аллахтын ыйык Үйү тарапка бур. Оо, ыймандуулар! Кайсы жерде болбогула, силер дагы намаз окуганда ошол тарапка жүзүңөрдү бургула. Китеп ээлери болгон жөөттөр менен христиандар кыбыланын өзгөрүүсү алардын Жаратуучусу жана иштерин көзөмөлдөөчүсү тараптан түшүрүлгөн акыйкат экенин анык билишет, анткени бул алардын китебинде тастыкталган. Аллах акыйкаттан жүз бургандардын эмне кылып жатканынан бейкапар эмес. Тескерисинче, Ал муну билет жана жакында аларга жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
145 : 2

وَلَئِنۡ أَتَيۡتَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ بِكُلِّ ءَايَةٖ مَّا تَبِعُواْ قِبۡلَتَكَۚ وَمَآ أَنتَ بِتَابِعٖ قِبۡلَتَهُمۡۚ وَمَا بَعۡضُهُم بِتَابِعٖ قِبۡلَةَ بَعۡضٖۚ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم مِّنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ إِنَّكَ إِذٗا لَّمِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Оо, пайгамбар! Аллахка ант болсун, сен китеп берилген жөөттөр менен христиандарга кыбыланын өзгөрүүсү акыйкат экендиги тууралуу аят-белгилер жана далилдер менен келсең да, алар сен алып келген нерсеге баш ийбей, акыйкатты ээрчүүдөн текеберлик кылып, сенин кыбылаңа жүздөрүн бурушпайт. Аллах сени алардын кыбыласынан бургандан кийин, сен дагы ал тарапты караба. Алар өздөрү да бири-биринин кыбыласына карашпайт. Анткени алардын ар бири экинчи тарабын каапыр деп эсептешет. Сага шек-күмөнү жок акыйкат илим келгенден кийин кыбыла жана башка шарияттар, өкүмдөр маселесинде алардын каалоолоруна ээрчисең, мына ошондо сен да туура жолду таштап, напси каалоосун ээрчиген залымдардан болуп каласың. Бул кайрылуу жөөттөрдү ээрчүүнүн жийиркеничтүүлүгүн көрсөтүү үчүн пайгамбарга айтылды. Болбосо, Аллах пайгамбарын андан Өзү сактаган. Бул болгону андан кийинки үммөтүнө болгон эскертүү. info
التفاسير:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• أن الاعتراض على أحكام الله وشرعه والتغافل عن مقاصدها دليل على السَّفَه وقلَّة العقل.
Аллахтын өкүмдөрүнө, шариятына каршы чыгуу жана алардын максаттарына кайдыгер кароо – бул кем акылдыкка жана аңкоолукка далил. info

• فضلُ هذه الأمة وشرفها، حيث أثنى عليها الله ووصفها بالوسطية بين سائر الأمم.
Бул үммөттүн артыкчылыгы жана кадыр-баркы. Анткени Аллах аны мактады жана бардык үммөттөрдүн арасынан ортолукту карманганы деп сыпаттады. info

• التحذير من متابعة أهل الكتاب في أهوائهم؛ لأنهم أعرضوا عن الحق بعد معرفته.
Китеп ээлерин напси каалоолорунда ээрчүүдөн эскертүү. Анткени алар чындыкты билип туруп, андан баш тартышкан. info

• جواز نَسْخِ الأحكام الشرعية في الإسلام زمن نزول الوحي، حيث نُسِخَ التوجه إلى بيت المقدس، وصار إلى المسجد الحرام.
Вахий түшүп турган мезгилде Исламдагы шарият өкүмдөрүн жокко чыгаруунун уруксаттыгы. Анткени Акса мечитине жүздөнүү жокко чыгарылып, анын ордуна Аль-Харам мечити болду. info