[1] Напсини бузбай, таза кармап жүрүүнүн жападан-жалгыз жолу пайгамбар көргөзгөндөй жашоо жана амал кылуу. Ал эми, пайгамбардын таалимин тоотпой, өз башынча жашаган же болбосо ага каяша айткан элдер ар кайсы доордо Аллах тааланын каарына жолуккан жана жолуга бермекчи. Ошондой коомдордун бири Самуд коому.