[1] Аллах таала эч бир элди жана эч бир адамды эскертмейинче жазалабайт. “Эскертүү” дегени эмне? Эмне үчүн Аллах таала көп аяттарда Өзүнүн пайгамбарларына “коомуңа үйрөткүн” дебей, “коомуңа эскерткин” деп буюрат? Анткени, ар бир пайгамбардын элдери көп учурда Аллах таала, акырет, бейиш жана тозок бар экенин эң жакшы билишкен. Анда алардын каапырчылыгы эмнеде? Алардын каапырчылыгы өздөрүнүн пенделик милдеттерин унутканында! Аллах таалага ишенип, бирок ибадат кылбаганында! Жок. Алар Аллахты жана акыретти тап-такыр эстеринен чыгарып жиберишкен эмес. Кез-кези менен Аллах тааланы эстеп калышчу. Кайсы мезгилдерде? Ооба. Баштарына кайгы-капа түшкөндө. Ошондо алар Аллах таалага өтө ыклас менен дуба жана тообо кылышып, эгер ушул кырсыктан аман сактаса, Өзүнө гана сыйынууга убада берип жиберишет. Аллах таала алардан кайгыны арылтканда, азыр эле айткан сөздөрүн, берген убадаларын унутуп, дагы каапырчылык иштерин улантышат.
[1] Белгилүү болгондой Нухтун коому Аллах жана пайгамбарына моюн сунбаганы себептүү Топон суу балээси менен кыйратылган. Бирок, ошол жазаны жибергенге чейин Аллах таала аларга ар кимиси өз үйүндө бутун узун сунган бойдон, азап-жазасыз өлүү үчүн мүмкүнчүлүк берген. Эгер алар Нухтун дааватын угуп, Аллахтан башка кудайларга сыйынуусун токтотуп, кудуреттүү Аллахтын Өзүнө гана сыйынып жашаганда, ажал аларды дүйнө дооранын сүрүп бүткөндө гана алмак.
[1] Бул аятта дааватчыга чоң сабак бар. Демек, даават деген белгилүү убакытка чектелбейт, өмүр бою жасалат. Нух пайгамбардын иштеген иши, сүйлөгөн сөзү, жасаган кыймыл аракети, адеп-ахлагы, коомдогу мамилесинин өзү даават болду. Эл динди анын өзүнөн, сөзүнөн, ар бир кыймылынан, жүрүш-турушунан, адамдар менен мамилесинен көрө алды. Мына ушундай даават кылгандан кийин кандай натыйжа болду? Өзү айтат: “Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү! (Оо, Аллахым) Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кылып баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти” Мунун мааниси эмне? Нух түшүнүктүү кылып жеткире албадыбы динди? Жок, андай эмес. Мунун эки себеби бар эле:
1) Аллахтын туура жолуна багытталуу (хидаят) Аллах тааланын гана колунда. Аллах хидаятка баштабаган адамдар пайгамбар даават кылса да туура жолго түшпөйт.
2) Көралбастык жана текеберлик. Ар бир коомдун бузуку каапырлары көбүнчө мансаптуу жана бай адамдардан болот. Аларга Аллах тааланы эскертип даават кылынса, “Биздей ак сөөктөргө ушул кембагал акыл үйрөтөбү?” деп ичи тарлык жана текеберчилик менен дааватты четке кагышат.