وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی - شەمسەدین حەکیمۆڤ

ژمارەی پەڕە:close

external-link copy
7 : 33

وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَٰقَهُمۡ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٖ وَإِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۖ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا

Бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 33

لِّيَسۡـَٔلَ ٱلصَّٰدِقِينَ عَن صِدۡقِهِمۡۚ وَأَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابًا أَلِيمٗا

Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн ушинтти. Аллах каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ جَآءَتۡكُمۡ جُنُودٞ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا وَجُنُودٗا لَّمۡ تَرَوۡهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا

Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 33

إِذۡ جَآءُوكُم مِّن فَوۡقِكُمۡ وَمِنۡ أَسۡفَلَ مِنكُمۡ وَإِذۡ زَاغَتِ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلۡقُلُوبُ ٱلۡحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠

Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.[1] info

[1] Бул окуя белгилүү «Хандак» казатында болгон. Мушриктер менен яхудилердин бириккен күчтөрү Исламды тамырынан курутуп жиберүү үчүн Мединага (Ислам борборуна) ар тараптан кол салышкан. Жогор жактан Мекке, Хижаз мушриктери, ылдый жактан Нажд каапырлары. Мединанын айланасындагы яхудилер аларга колдоо көргөзүп турган. Пайгамбарыбыз Салман Фарисий деген сахабанын сунушу менен Мединанын айланасына хандак (окоп) каздырган. Ошондон улам «Хандак» казаты деп аталат. Ушундой оор кырдаалда мусулмандардын арасындагы мунафыктар «Эми, Исламдын өмүрү бүттү» - деп ызы-чуу чыгарып жиберишкен. Кээ бир ыйманы начар адамдар буга ишенип, «Эми Аллах мусулмандарга жардам бербейт экен» деп Аллахка жаман ойлоп калышкан.

التفاسير:

external-link copy
11 : 33

هُنَالِكَ ٱبۡتُلِيَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَزُلۡزِلُواْ زِلۡزَالٗا شَدِيدٗا

Ошол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 33

وَإِذۡ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ مَّا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ إِلَّا غُرُورٗا

Ошондо, мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллах менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы» – дешти. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 33

وَإِذۡ قَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ يَٰٓأَهۡلَ يَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمۡ فَٱرۡجِعُواْۚ وَيَسۡتَـٔۡذِنُ فَرِيقٞ مِّنۡهُمُ ٱلنَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوۡرَةٞ وَمَا هِيَ بِعَوۡرَةٍۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارٗا

Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «Эй, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!» – деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык, коргоосуз калган болчу» – деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну каалашкан. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 33

وَلَوۡ دُخِلَتۡ عَلَيۡهِم مِّنۡ أَقۡطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُواْ ٱلۡفِتۡنَةَ لَأٓتَوۡهَا وَمَا تَلَبَّثُواْ بِهَآ إِلَّا يَسِيرٗا

Эгер (ошондо) аларга Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, алардан динден кайтууларын талап кылынганда, аз сандагылар калып, калганы көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарына жооп беришмек. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 33

وَلَقَدۡ كَانُواْ عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ مِن قَبۡلُ لَا يُوَلُّونَ ٱلۡأَدۡبَٰرَۚ وَكَانَ عَهۡدُ ٱللَّهِ مَسۡـُٔولٗا

Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллахка ант берген эле го! Аллахка берилген ант жөнүндө (кыяматта) суралат! info
التفاسير: