وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی - شەمسەدین حەکیمۆڤ

ژمارەی پەڕە:close

external-link copy
181 : 3

لَّقَدۡ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوۡلَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ فَقِيرٞ وَنَحۡنُ أَغۡنِيَآءُۘ سَنَكۡتُبُ مَا قَالُواْ وَقَتۡلَهُمُ ٱلۡأَنۢبِيَآءَ بِغَيۡرِ حَقّٖ وَنَقُولُ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡحَرِيقِ

“Аллах кембагал, биз байбыз” деген адамдардын сөздөрүн Аллах укту.[1] Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз. Жана (аларга) күйдүрүүчү азаптын даамын таткыла” дейбиз. info

[1] Тафсир аалымдарынын айтымында бул аят, Мединадагы яхудийлерден бир коом, айрыкча алардын Пинхас бин Азуре деген чоң аалымы Курандагы “Ким Аллахка жакшы карыз берет” деген аятын угуп, текеберленип, «Аллах кембагал, биз байбыз» дегенден кийин наазыл болгон (түшкөн) экен.

التفاسير:

external-link copy
182 : 3

ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيكُمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَيۡسَ بِظَلَّامٖ لِّلۡعَبِيدِ

Бул (азап) өз колуңар менен жасаган ишиңер себептүү. Аллах пенделерге залым эмес. info
التفاسير:

external-link copy
183 : 3

ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ عَهِدَ إِلَيۡنَآ أَلَّا نُؤۡمِنَ لِرَسُولٍ حَتَّىٰ يَأۡتِيَنَا بِقُرۡبَانٖ تَأۡكُلُهُ ٱلنَّارُۗ قُلۡ قَدۡ جَآءَكُمۡ رُسُلٞ مِّن قَبۡلِي بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَبِٱلَّذِي قُلۡتُمۡ فَلِمَ قَتَلۡتُمُوهُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Ошол адамдар (яхудийлер): «Пайгамбар (Мухаммад) бизге бир курмандык союп, аны (асмандан түшкөн) от күйдүрмөйүнчө ага ыйман келтирбешибизди Аллах бизге осуят кылган» дешет. (Оо, Мухаммад!) Сен аларга: “Менден мурун деле силерге пайгамбарлар далилдерди жана силер айткан нерсени да келтиришкен. Анда, эмне үчүн аларды өлтүрүп салдыңар, эгер чынчыл болсоңор?!” деп айткын.[1] info

[1] Бул залымдардын (каапырлардын) адаты. Яхудилер моожизаны өздөрү каалагандай болушун каалашууда. Тим эле, Мухаммад аларга бир курмандык союп, ал курмандыкты асмандан түшкөн от жалмап кетмейинче ыйман келтиришпейт экен. Дагы муну аларга Аллах таала айткан имиш. Бул сөздөр накта жалгандын өзү. Себеби, аларга илгерки пайгамбарлар ушул сыяктуу моожизаларды, жадагалса, өздөрү сураган ушул моожизанын дал өзүн көргөзүп беришкенде да, ыйман келтирүүнүн ордуна, аларды өлтүрүп салышкан.

التفاسير:

external-link copy
184 : 3

فَإِن كَذَّبُوكَ فَقَدۡ كُذِّبَ رُسُلٞ مِّن قَبۡلِكَ جَآءُو بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلزُّبُرِ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُنِيرِ

(О, Мухаммад!) эгер алар сени жалганчыга чыгарышкан болсо, сага чейин деле далилдер, ыйык жазуулар жана (Шарият өкүмдөрүнөн турган) нурлуу китептерди алып келген пайгамбарлар (ушулар тарабынан) жалганчыга чыгарылган. info
التفاسير:

external-link copy
185 : 3

كُلُّ نَفۡسٖ ذَآئِقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوۡنَ أُجُورَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۖ فَمَن زُحۡزِحَ عَنِ ٱلنَّارِ وَأُدۡخِلَ ٱلۡجَنَّةَ فَقَدۡ فَازَۗ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلۡغُرُورِ

Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар.[1] Ал эми, ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе – жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес. info

[1] Аяттагы “Кыямат күндө сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар” деген сөз Барзах (мүрзө) жашоосунун жана ал жердеги ырахат-сыйлыктын (же азаптын) бар экенине далил болот. Анткени, кабырда адамга анын сооп-үлүшүнүн кээ бир бөлүктөрү гана берилет. Ал эми, Кыяматтан соң “толук-түгөл” алышат.

التفاسير:

external-link copy
186 : 3

۞ لَتُبۡلَوُنَّ فِيٓ أَمۡوَٰلِكُمۡ وَأَنفُسِكُمۡ وَلَتَسۡمَعُنَّ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ وَمِنَ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُوٓاْ أَذٗى كَثِيرٗاۚ وَإِن تَصۡبِرُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنۡ عَزۡمِ ٱلۡأُمُورِ

(О, момундар!) Албетте, силер малыңарда жана жаныңарда сыналасыңар. Жана, сөзсүз түрдө, силерден мурда китеп берилген (яхудий, христиан ж.б.) адамдардан жана мушриктерден көп заар сөздөрдү угасыңар. Эгер (ошондо) сабыр кылсаңар жана такыба болсоңор, албетте, бул өтө улук иштерден. info
التفاسير: