[1] Акылдуу адамдарга, Аллахтын пайгамбарлары айткан сөздөрдүн бардыгын тастыктоо үчүн ушул аят жетиштүү. Бирок, мушриктер пайгамбарыбыздын Исра түнүндө көргөндөрүнө жана «тозоктун ортосунда «Заккум» деген оттон жаралган дарак бар экен. Тозокко түшкөндөр ошол дарактан жешет экен» деп айткан коркутуучу сөздөрүнө да ишенишпеди.