وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی - شەمسەدین حەکیمۆڤ

external-link copy
29 : 11

وَيَٰقَوۡمِ لَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مَالًاۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱللَّهِۚ وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْۚ إِنَّهُم مُّلَٰقُواْ رَبِّهِمۡ وَلَٰكِنِّيٓ أَرَىٰكُمۡ قَوۡمٗا تَجۡهَلُونَ

О, коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп-сыйлыкты Аллах берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин.[1] Алар Раббисине жолугуучу (жана андан бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын. info

[1] Коомдун уруу башчылары, байлары “ыйманга келген бей-бечараларды айдасаң анан биз ыйманды кабыл алабыз” деп шарт коюшкан эле.

التفاسير: